АКШ элчиси Кыргызстандын Россия менен жакындашуусуна тынчсызданууда

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: Путин менен Атамбаевдин "Бочаров ручейдеги" жолугушуусу.
Архив: Путин менен Атамбаевдин Бочаров ручейдеги жолугушуусу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вашингтондун КРдеги дипломатиялык миссия башчысы Бишкектин Москвага жакындашуусуна карай президент Алмазбек Атамбаевдин алган багыты АКШнын аймактагы кызыкчылыктары үчүн "коркунучтуу" деп эсептейт.

БИШКЕК, 1-ноя — Спутник Кыргызстан. АКШнын Бишкектеги элчиси Памела Спратлен өзүнүн аналитикалык макаласында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин бекемдешине тынчсыздануусун билдирди. Бул жөнүндө РИА Новости маалымдады.

"Кыргыз Республикасынын жаңы бийлиги Кошмо Штаттары менен мамилелерде ачык, бирок Бишкек үчүн Россия менен жакындашуу артыкчылыктуу саясий багыт болуп эсептелет. Президент Атамбаевдин Бажы союзуна кирүү жөнүндө чечими демократиялык баалуулуктарга сокку бериши мүмкүн", — деп белгилейт Американын Кыргызстандагы дипмиссия башчысы.

Спратлен эки тараптуу өнөктөштүктүн өрчүшүн АКШнын Кыргызстанда демократиялык өзгөртүүлөрдү колдоого багытталган күч-аракеттерине карата "коркунуч" катары баалайт. Анын пикири боюнча, эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы өсүп келе жаткан кызматташтык, мисалы, АКШ аскерлеринин "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик ташуу борборунан кетишине алып келди. Ал эми Россия республиканын борборуна жакын жайгашкан "Кант" аскердик базасын сактап келет, бул болсо Вашингтондун Бишкектеги таасиринин төмөндөшүн күбөлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0