Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведев телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүАрхив: Медведев жана Атамбаев "Горки"деги жолугушуусу
Архив: Медведев жана Атамбаев Горкидеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Россия тараптын демилгесинин аркасында КР президенти Алмазбек Атамбаев РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу кыргыз-россиялык кызматташуу боюнча сүйлөштү.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун азыркы абалы жана перспективасы, интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашкан. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташуусу талкууланды деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө жалпысынан, канааттангандыгын, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0