Президент жол буугандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду

© SputnikАрхив: Кан жолдорду жабуу. Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөргө кетткен жолду бууп алышкан.
Архив: Кан жолдорду жабуу. Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөргө кетткен жолду бууп алышкан. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө нааразылык иретинде жол тороого жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

БИШКЕК, 29-окт — Спутник Кыргызстан. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-сентябрда кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдөгү жолдорду тоскон жарандарга үч миң сомдон тарта, коомдук уюмдарга 50 миң сом айыппул салынмак. Ал эми стратегиялык мааниси бар жолдорду 24 сааттан ашык торосо он миң сомдон баштап, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам демилгечилери мыйзам жол тороо сыяктуу акциялардын өлкөдөгү саясий абалга жана экономикасына терс таасир тийгизип жатканын эске алуу менен иштелип чыкканын билдиришкен.

Кыргызстанда жол тосуу аркылуу нааразылык билдирүү кеңири тараган. Акыркы жолу республика аймагында Ош – Эркеч-Там кан жолу узак мөөнөткө экс-спикер Акматбек Келдибековдун тарапкерлери тарабынан тосулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0