Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, республиканы 24 жыл жетектеген Турдакун Усубалиевдин туулган күнү.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз элинин чыгаан уулунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкордогу орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген. Согуш жылдары аны мамлекет фронтко жөнөтпөй койгондуктан Компартиянын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон. Андан соң он жыл бою Москвада жооптуу кызматтарды аркалаган.
1955-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп, азыркыча айтканда, калаа башчысы болгон.
Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2019
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
1961-жылы Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин 1985-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп, Кыргыз ССРинин башында турган. Эң кызыгы, бул убакыт аралыгында Москвада СССРдин башчылары — Хрущев, Брежнев, Черненко, Андропов жана Горбачев алмашкан.
Ал жылдары республика аймагында бир топ ишкана, ГЭС, аэропорт, маданият, билим берүү жайлары курулуп, өлкө алдыга өскөн.
Ал эми борбор калаада филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү Усубалиевдин маалында салынган. Аны шаардыктар "биздин прораб" деп атап коюшчу.
Мамлекеттик ишмер 1985-жылы пенсияга чыгып, өлкө көз карандысыз болгондон кийин Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланып, 1999-жылы "Ак шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылып КРдин Баатыры болгон.
2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.
© Sputnik / Александр ФедоровТурдакун Усубалиев республиканы 24 жыл жетектеген
Турдакун Усубалиев республиканы 24 жыл жетектеген - Sputnik Кыргызстан
1/14
Турдакун Усубалиев республиканы 24 жыл жетектеген
© Предоставлено Центральным Госархивом КРТурдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Армениянын Кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь. Фрунзе, 1976-жыл
Турдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Армениянын Кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь. Фрунзе, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14
Турдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Армениянын Кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь. Фрунзе, 1976-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз ССРинин биринчи катчысы кыргыз маданиятынын каймактары менен
Кыргыз ССРинин биринчи катчысы кыргыз маданиятынын каймактары менен - Sputnik Кыргызстан
3/14
Кыргыз ССРинин биринчи катчысы кыргыз маданиятынын каймактары менен
© Фото / Александр ФедоровЖазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
Жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14
Жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
© Предоставлено Центральным Госархивом КРРеспублика башчысы Сузак районундагы "Коммунизм" колхозунун пахта терүүчүлөрү менен
Республика башчысы Сузак районундагы Коммунизм колхозунун пахта терүүчүлөрү менен - Sputnik Кыргызстан
5/14
Республика башчысы Сузак районундагы "Коммунизм" колхозунун пахта терүүчүлөрү менен
© Предоставлено Центральным Госархивом КРУсубалиев жана Мозамбиктин президенти Самора Машел
Усубалиев жана Мозамбиктин президенти Самора Машел - Sputnik Кыргызстан
6/14
Усубалиев жана Мозамбиктин президенти Самора Машел
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Социалисттик эмгектин баатыры, режиссёр Марк Донской, актриса Лидия Смирнова жана Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов. Фрунзе шаары, 1976-жыл
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Социалисттик эмгектин баатыры, режиссёр Марк Донской, актриса Лидия Смирнова жана Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов. Фрунзе шаары, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/14
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Социалисттик эмгектин баатыры, режиссёр Марк Донской, актриса Лидия Смирнова жана Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов. Фрунзе шаары, 1976-жыл
© Фото / из личного архива Апаса ЖумагуловаТурдакун Усубалиев жана КРдин болочоктогу өкмөт башчысы Апас Жумагулов, 1984-жыл
Турдакун Усубалиев жана КРдин болочоктогу өкмөт башчысы Апас Жумагулов, 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/14
Турдакун Усубалиев жана КРдин болочоктогу өкмөт башчысы Апас Жумагулов, 1984-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровЖогорку деңгээлдеги делегацияны күткөн Усубалиев сулуулар менен
Жогорку деңгээлдеги делегацияны күткөн Усубалиев сулуулар менен - Sputnik Кыргызстан
9/14
Жогорку деңгээлдеги делегацияны күткөн Усубалиев сулуулар менен
© Sputnik / Александр ФедоровМамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон.
Мамлекеттик ишмер легендарлуу парламенттин депутаты да болгон. - Sputnik Кыргызстан
10/14
Мамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон.
© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна УсубалиеваТурдакун Усубалиев 66 жашында пенсияга чыккан. Сүрөттө уулу Есенкул менен, 2009-жыл
Турдакун Усубалиев 66 жашында пенсияга чыккан. Сүрөттө уулу Есенкул менен, 2009-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/14
Турдакун Усубалиев 66 жашында пенсияга чыккан. Сүрөттө уулу Есенкул менен, 2009-жыл
© Предоставлено Центральным Госархивом КРТурдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендештери менен
Турдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендештери менен - Sputnik Кыргызстан
12/14
Турдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендештери менен
© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна УсубалиеваУсубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен жана небереси Таир-Кемаль
Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен жана небереси Таир-Кемаль - Sputnik Кыргызстан
13/14
Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен жана небереси Таир-Кемаль
© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган
Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган - Sputnik Кыргызстан
14/14
Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган
Жаңылыктар түрмөгү
0