Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, КР Баатыры Исхак Раззаковдун туулган күнү жогорку деңгээлде 25-октябрда белгиленди. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын чыгаан уулунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган. Атасы Раззак менен апасы Жамийла Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген. Кичинекей Исхак үч жашында энесинен ажырап, беш жылдан кийин атасы экөө Ташкенттеги туугандарыныкына жол тартат. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп көз жумуп, кичинекей бала томолой жетим калган. Исхак алгач Ходжент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, орус тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан тарбиячылары аны Ташкенттеги интернатка жөнөтүшкөн.
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2020
Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты
Ал эми согуш жылдары Раззаков Өзбек Республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-45-жылдары Өзбекстандын Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде пропаганда жана үгүт иштери боюнча секретарь болуп иштеп, 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн аркасында өзбектер аны жакшы таанып калган.
Совет өкмөтү 1945-жылы Раззаковду Кыргызстандын Министрлер советинин төрагалык кызматына дайындайт. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор жылдарында Раззаков күчүн, билимин республиканын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшаган.
1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштегенде Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө жакшы көрсөткүчтөр болуп, бир топ ишкана, өнөр-жайлар, ГЭСтер, жогорку окуу жайлар, маданият мекемелери ишке кирген.
Президент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жапаров: эл журт башына келчү адамдын таза, адилет болушун тилейт
Раззаков 1961-жылы кызматтан кеткенден кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Бул чечим өз каалоосу менен болгон эмес. Ал жакта төрт жылдай СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, СССРдин мамлекеттик планынын бөлүм башчысы болуп иштеп, 57 жаш курагында персоналдык пенсияга чыккан.
Жеке жашоосунда жубайы Рауза Ибрагимова экөө Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялаган. Бүгүнкү күндө кызы Элмиранын гана көзү тирүү. Ал Москвадагы Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеген. Учурда пенсияда, Россияда жашайт.
Эне тилинен тышкары кыргыз, өзбек, тажик, фарс, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн коомдук ишмер астма менен ооруп жүрүп, 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы Раззаковдун сөөгү Москвадагы Кунцев мүрзөсүнөн Бишкекке алып келинип, "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмүлгөн. Ага 2016-жылы мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
© Фото / предоставлено КГТУ им. И.РаззаковаИсхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган
Исхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган - Sputnik Кыргызстан
1/13
Исхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган
35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган - Sputnik Кыргызстан
2/13
35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРМинистрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен "Кеңеш" колхозунда
Министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен Кеңеш колхозунда - Sputnik Кыргызстан
3/13
Министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен "Кеңеш" колхозунда
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРЛегендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл
Легендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/13
Легендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРРаззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган
Раззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган - Sputnik Кыргызстан
5/13
Раззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРСССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда
СССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда - Sputnik Кыргызстан
6/13
СССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРКыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен
Кыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен - Sputnik Кыргызстан
7/13
Кыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРИсхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон
Исхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон - Sputnik Кыргызстан
8/13
Исхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон
© Фото / из семейного архива Кадыркула ШадыбековаТажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан
Тажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан - Sputnik Кыргызстан
9/13
Тажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРРаззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган
Раззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган - Sputnik Кыргызстан
10/13
Раззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган
© Sputnik / Александр ФедоровМосквадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар
Москвадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар - Sputnik Кыргызстан
11/13
Москвадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРИсхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон
Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон - Sputnik Кыргызстан
12/13
Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРРаззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн
Раззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн - Sputnik Кыргызстан
13/13
Раззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн
Жаңылыктар түрмөгү
0