12:43 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Сүрөт

Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
638 0 0
  • Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
  • Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
  • Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү
  • Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды
  • Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.
  • Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.
  • Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.
  • Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.
  • Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш
  • Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
  • Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
  • Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
  • Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.

Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы ири курулуш жүрүп жаткан жерге барып келди.

2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.

Бишкек — Ош жолуна салыштырмалуу жаңы магистралда бийик ашуулар, өрүү жана чукул ылдый түшүүчү жерлери жок. Транспорт министрлиги альтернативалык трассанын өзгөчөлүгү анын тегиздигинде экенин белгиледи.

Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.

Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.

 

Тема боюнча

Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Белгилер:
Кыргызстан, көпүрө, тоннель, сүрөт, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ