Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар

Жазылуу
Бүгүн белгилүү актер, КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов 66 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын кинодо жараткан кызыктуу образдарын сүрөттөр менен сунуштайт.
Актер жана режиссер Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда төрөлүп, балалыгы Фрунзе шаарында өткөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде түрдүү иш-чараларга жигердүү катышып, 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган. Өспүрүм Сабира Күмүшалиеванын небересинин, Орозбек Кутманалиев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын уулунун ролун аткарган. Кийин актердук боюнча Алматы шаарында билим алып, кыргыз мамлекеттик драма театрына кирет. Куттуу жайда Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев өңдүү залкарлар менен бирге сахнага чыгып, андан соң "Тунгуч" театрында иштеп, кинофильмдерге да тартылып турган.
Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. Чыңгыз хандагы ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер
Өмүрүн киного арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуса болот.
© Sputnik / Александр ФедоровБолочоктогу актер 16 жашында алгачкы жолу кинофильмге тартылган
Болочоктогу актер 16 жашында алгачкы жолу кинофильмге тартылган - Sputnik Кыргызстан
1/12
Болочоктогу актер 16 жашында алгачкы жолу кинофильмге тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровӨспүрүм "Ак куулар конгон айдың көлдө" башкы каарман Мукайдын образында
Өспүрүм Ак куулар конгон айдың көлдө башкы каарман Мукайдын образында - Sputnik Кыргызстан
2/12
Өспүрүм "Ак куулар конгон айдың көлдө" башкы каарман Мукайдын образында
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссер Болот Шамшиев тарткан "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган
Режиссер Болот Шамшиев тарткан Бөрү зындан фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
3/12
Режиссер Болот Шамшиев тарткан "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган
© Sputnik / Александр ФедоровАктер "Куугунтук" кинокартинасында жоокер Шатековдун ролунда. Сүрөттө кесиптештери менен.
Актер Куугунтук кинокартинасында жоокер Шатековдун ролунда. Сүрөттө кесиптештери менен. - Sputnik Кыргызстан
4/12
Актер "Куугунтук" кинокартинасында жоокер Шатековдун ролунда. Сүрөттө кесиптештери менен.
© Sputnik / Александр ФедоровМурат Мамбетов жаштайынан улуу муундагы актерлор иштешип, алар менен ынак мамиледе болгон
Мурат Мамбетов жаштайынан улуу муундагы актерлор иштешип, алар менен ынак мамиледе болгон - Sputnik Кыргызстан
5/12
Мурат Мамбетов жаштайынан улуу муундагы актерлор иштешип, алар менен ынак мамиледе болгон
© Sputnik / Александр ФедоровМамбетов "Квартирант" фильминде жаш үй-бүлө башчысынын ролунда
Мамбетов Квартирант фильминде жаш үй-бүлө башчысынын ролунда - Sputnik Кыргызстан
6/12
Мамбетов "Квартирант" фильминде жаш үй-бүлө башчысынын ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровАта-баланын мамилесин чагылдырган "Ыйык журт" тасмасында Мамбетов башкы ролдо
Ата-баланын мамилесин чагылдырган Ыйык журт тасмасында Мамбетов башкы ролдо - Sputnik Кыргызстан
7/12
Ата-баланын мамилесин чагылдырган "Ыйык журт" тасмасында Мамбетов башкы ролдо
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эмгек сиңирген артисти "Беларусфильм" тарткан "Жашыруун сейилдөө" фильминде
КРдин эмгек сиңирген артисти Беларусфильм тарткан Жашыруун сейилдөө фильминде - Sputnik Кыргызстан
8/12
КРдин эмгек сиңирген артисти "Беларусфильм" тарткан "Жашыруун сейилдөө" фильминде
© Sputnik / Александр Федоров"Чиркин өмүр" тасмасында актер Жаздыктын ролун аткарган
Чиркин өмүр тасмасында актер Жаздыктын ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
9/12
"Чиркин өмүр" тасмасында актер Жаздыктын ролун аткарган
© Фото / из личного архива Мурата МамбетоваМамбетов "Аян", "Чиркин өмүр, "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой" жана "Тор" фильмдеринин режиссеру
Мамбетов Аян, Чиркин өмүр, Апамдын махабаты, Кууш жолдо, Кара жолтой жана Тор фильмдеринин режиссеру - Sputnik Кыргызстан
10/12
Мамбетов "Аян", "Чиркин өмүр, "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой" жана "Тор" фильмдеринин режиссеру
© Sputnik / Александр Федоров"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Сүрөттө белгилүү советтик актер Талгат Нигматулин жана Мурат Мамбетов.
Бөрү зынданды тартуу учуру. Сүрөттө белгилүү советтик актер Талгат Нигматулин жана Мурат Мамбетов. - Sputnik Кыргызстан
11/12
"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Сүрөттө белгилүү советтик актер Талгат Нигматулин жана Мурат Мамбетов.
© Sputnik / Александр Федоров 66 жаштагы актер, режиссер азыр да кинематография тармагында эмгектенип келет
66 жаштагы актер, режиссер азыр да кинематография тармагында эмгектенип келет - Sputnik Кыргызстан
12/12
66 жаштагы актер, режиссер азыр да кинематография тармагында эмгектенип келет
Жаңылыктар түрмөгү
0