Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Белгилүү хирург, кыргыз медицинасынын башында турган Иса Ахунбаевдин өмүрү кийинки муундарга өрнөк. Бул адамдын алгачкы жолу жүрөккө операция жасаганын мекендештери, медиктер азыркыга чейин сыймыктана айтып келишет. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу окумуштуу, залкар устатты эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөрүп, 15 жашында кичи мекенине кайтып келип билим ала баштайт. Окууга дилгир өспүрүмдүн мектеби Балыкчыда болгон. Ошондуктан окуучу Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына жөө келип сабатын жойгон. 1925-жылы куржунун артынып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келген. Кийин борбор калаада окуп, 1930-жылы медициналык техникумду аяктап Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырат. Эмгек жолун 28 жашында Фрунзе шаардык бейтапканасынын хирургия бөлүмүнөн баштап, 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштей баштайт. Алгач хирургия кафедрасында ассистент, андан соң доцент, кийин кафедранын жетекчилигине чейин көтөрүлүп, жети жылдан соң институттун ректору жана профессору болот.

СССРдин эл артисти, таланттуу балерина Айсулуу Токомбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева
Кесиптик ишмердүүлүгүндө Ахунбаев 1959-жылы Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган. Аны кыргыз кардиологдору азыркыга чейин сыймыктанып айтып келишет. Илимий иштерди да байма-бай жазып, алар балдардын сокур ичегисине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Окумуштуунун демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү негизделген.

Жеке жашоосунда жубайы экөө беш баланы тарбиялаган. Улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенген, кызы Нэля менен Медер атасынын жолун уланткан. Неберелери Сталбек — онколог, Алмаз — хирург, Жибек — уролог.

СССР Жогорку Советинин 2-4-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6-чакырылышынын депутаты 1975-жылы автокырсыкка кабылып, андан жубайы, кызы жана күйөө баласы болуп төртөө көз жумган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган окумуштуу жөнүндө кызыктуу лонгрид даярдаган.

© Фото / из семейного архива АхунбаевыхБолочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген
Болочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген - Sputnik Кыргызстан
1/14
Болочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхТашкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен
Ташкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен - Sputnik Кыргызстан
2/14
Ташкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхАхунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган
Ахунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган - Sputnik Кыргызстан
3/14
Ахунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхИса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхБелгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган
Белгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган - Sputnik Кыргызстан
5/14
Белгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхОперацияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган.
Операцияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган. - Sputnik Кыргызстан
6/14
Операцияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган.
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхОкумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган
Окумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
7/14
Окумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРНебересин эркелеткен илимпоз
Небересин эркелеткен илимпоз - Sputnik Кыргызстан
8/14
Небересин эркелеткен илимпоз
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхИса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен
Иса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен - Sputnik Кыргызстан
9/14
Иса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхОпера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар
Опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар - Sputnik Кыргызстан
10/14
Опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар
© Sputnik / Александр ФедоровЗамандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов.
Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов. - Sputnik Кыргызстан
11/14
Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов.
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхАхунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон
Ахунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон - Sputnik Кыргызстан
12/14
Ахунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхИлимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон
Илимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон - Sputnik Кыргызстан
13/14
Илимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхЭл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон.
Эл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон. - Sputnik Кыргызстан
14/14
Эл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0