12:49 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Сүрөт

Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
401 0 0
  • Чыңгыз хан тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан
  • Сырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен
  • Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен
  • Кыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков
  • КР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил
  • Башкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон
  • Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл
  • Чыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева
  • Кыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов
  • Чыңгыз хан толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган
  • Хива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру
  • Италиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев
  • Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева
© Sputnik / Александр Федоров
"Чыңгыз хан" тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан

Быйыл "Кыргызфильмдин" 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштоону улантат. Бул ирет ызы-чуу менен коштолуп, көрүүчүгө жетпей калган "Чыңгыз хан" фильми жөнүндө сөз болот.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары ата мекендик киночулар мамлекеттен акча албай, СССРдин ыдырашы менен каржылоосуз калган. Ал убакта тасма тарткан чыгармачыл инсандардын айрымдары башка кесипти аркалоого мажбур болгон.

Многодетный отец, который шьет обувь для своих сыновей и дочерей.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
1992-жылы Кыргызстанга италиялык кинокомпания Чыңгыз хан жөнүндө тасма тартуу ниетин билдирип келет. Анын сценарийин Төлөмүш Океев менен Булат Мансуров Исай Калашниковдун чыгармасынын негизинде жазып, илимий консультанты Лев Гумилев болот.

Тасманы тартууга "Кыргызфильмдин" мыкты оператору, сүрөтчүлөрү, техниктери, актёрлору болуп миңдеген адам катышкан. Жүздөгөн кол өнөрчү, усталар Чыңгыз хандын доорунда колдонулган курал-жарак, кийим-кече, оокат, ат жабдыктарын окшоштуруп жасаган. Кинокартина Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын аймагында тартылып, бир топ акча сарпталган.

Фильмге англиялык Кен Эннакин режиссёрлук кылып, Төлөмүш Океев көркөм жетекчиси эле. Кинофильмдин көркөм кеңешинде редактор болгон Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев ал учурду мындайча эскерет:

"Төлөмүш Океев Чыңгыз хан жөнүндө эмгек жаратууну кыялданып жүргөн. Анда мен редактор болуп кичине иштеп калгам. Иштин башы жакшы башталып, ага көп киши аралашты. Кийин италиялыктар банкротко учурап, акчанын жоктугунан тасма тартуу иштери толугу менен токтогон. Негизи ага чейин эле "Чыңгыз ханды" Океев тартсам деп жүргөн, бирок италиялыктар келе калып жыйынтык болбой калган. Өзү тартса кыйратмак. Төлөмүш аны көрүүчүлөргө сунуштай албай арманда кетти", — деп эскерет драматург.

Жыйынтыгында чет элдик киночулардын былыктары билинип калып, миллиондор жумшалган тасма Римде камакка алынган. Кыргызстандык киночулар көргөзгөн кызматы үчүн акчасынын бир бөлүгүн ала албай, чет элдиктердин техникасын, реквизиттерин бербей койгон.

Аталган эмгекте италиялык актёр Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант, Даниэль Грин, Чарлтон Хестон жана "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Патриция Нил роль жараткан.

 

Тема боюнча

Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мактап да, сындап да көрүшкөн. "Каныбек" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Белгилер:
Кыргызстан, режиссер, Төлөмүш Океев, Чыңгыз хан, тасма, сүрөт

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ