Апта ирмеми: учарда жарылган ракетадан мал кайтарган иттердин таймашына чейин

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан узаган аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуяларды чагылдырган сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад болду.

Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында мектептер жарым-жартылай ачылды.

Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду улуттук команданын сабында гол киргизген көрсөткүч боюнча дүйнөдө рекорд жаңыртты. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Буга чейинки рекорд Ирандын экс-форварды Али Даеиге таандык болгон (109 гол).

Пекинде (Кытай) мода жумалыгы учурунда Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсү өттү.

Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды.

Владивостокто (Россия) Чыгыш экономикалык форуму өттү.

Палестина дарбазасын кирген голго сүйүнүп жаткан Кыргызстандык футболчулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт
Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда (Семенов капчыгайы) салтка айланган "Салбуурун" мергенчилик фестивалы болду.

Италияда эл аралык 78-Венеция кинофестивалы салтанаттуу ачылды.

Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда "Танк биатлону-2021" жарышынын финалы жыйынтыкталды. Экинчи дивизиондо ат салышкан Кыргызстандын танкисттери эстафеталык жарышты 2 саат 16 мүнөт жана 51 секундада басып өтүп чемпион болушту.

АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат.

Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында Кыргызстан менен Палестина курама командалары беттешти. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды.

АКШдагы мексикалык булуңдун жээгинде Ида бороону болду. Андан 58 киши каза тапты. Мерт кеткендердин 23ү Нью-Джерси, 16сы Нью-Йорктон жана 11 адам Луизианадан. Мындан сырткары, Миссисипи, Алабама, Пенсильвания, Мэриленд жана Коннектикут штаттарында сегиз адам каза болгон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү
Празднование 30-летия Дня независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/22
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү
© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек ШамбетовБишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү
Празднование 30-летия Дня независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/22
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү
© REUTERS / PEDRO NUNESФутбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды
Нападающий сборной Португалии Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
3/22
Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды
© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМосква зоопаркындагы пеликан куштары
Московский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
4/22
Москва зоопаркындагы пеликан куштары
© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМосквадагы (Россия) Революция аянтында өткөн "Цветочный джем" фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз
Фестиваль Цветочный джем в Москве  - Sputnik Кыргызстан
5/22
Москвадагы (Россия) Революция аянтында өткөн "Цветочный джем" фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз
© AP Photo / Altaf QadriИндиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат
Частичное открытие школ в пригороде Нью-Дели  - Sputnik Кыргызстан
6/22
Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат
© REUTERS / Tingshu WangПекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат
Неделя моды в Пекине - Sputnik Кыргызстан
7/22
Пекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат
© AP Photo / Kin CheungГонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз
Парк аттракционов Water World Ocean Park в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
8/22
Гонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз
© REUTERS / GENE BLEVINSКалифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди
Первый старт ракета-носителя Alpha компании Firefly Aerospace в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
9/22
Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда
Президент РФ В. Путин принял участие в работе Восточного экономического форума - Sputnik Кыргызстан
10/22
Россиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда
© AFP / Sean Rayford/Getty ImagesАКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши
Последствия от урагана Ида в штате Луизиана - Sputnik Кыргызстан
11/22
АКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү "Салбуурун" мергенчилер фестивалынын катышуучусу
Фестиваль Салбурун в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
12/22
Кырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү "Салбуурун" мергенчилер фестивалынын катышуучусу
© REUTERS / Athit PerawongmethaНидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында
Паралимпийские игры 2020 года в Токио - Sputnik Кыргызстан
13/22
Нидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында
© AFP / WILLIAM WESTПолиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)
Ситуация в Мельбурне из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
14/22
Полиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)
© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүМодель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында "Расмий конкурс" (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат
Венецианский кинофестиваль. День четвертый - Sputnik Кыргызстан
15/22
Модель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында "Расмий конкурс" (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат
© AP Photo / Rick BowmerАКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" ("Испытание овчарки") фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат
Фестиваль Испытание овчарки в американском штате Юта - Sputnik Кыргызстан
16/22
АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" ("Испытание овчарки") фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат
© AFP / AAMIR QURESHIВелосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат
Ситуация в Кабуле после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан
17/22
Велосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВладивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу "Камчатка" павильонунун жанында турат
ВЭФ-2021. Работа форума - Sputnik Кыргызстан
18/22
Владивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу "Камчатка" павильонунун жанында турат
© AP Photo / Joan Mateu ParraИспаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон
Последствия наводнения в городе Альканар - Sputnik Кыргызстан
19/22
Испаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон
© Sputnik / Валерий МельниковКыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун "Алабино" полигонунда өткөн "Танк биатлону-2021" мелдешинин финалындагы сүрөтү.
Кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап, экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Экинчиде Тажикстан, андан кийин Мьянма жана Түштүк Осетия жайгашты. Келерки жылы Кыргызстан биринчи дивизиондогу күчтүү курама командалар менен таймашат
Форум Армия-2021. Танковый биатлон. Финал - Sputnik Кыргызстан
20/22
Кыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун "Алабино" полигонунда өткөн "Танк биатлону-2021" мелдешинин финалындагы сүрөтү.
Кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап, экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Экинчиде Тажикстан, андан кийин Мьянма жана Түштүк Осетия жайгашты. Келерки жылы Кыргызстан биринчи дивизиондогу күчтүү курама командалар менен таймашат
© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет
Кубок трех наций в Бишкеке. Кыргызстан — Палестина - Sputnik Кыргызстан
21/22
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТокионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.
Церемония закрытия XVI летних Паралимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан
22/22
Токионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0