Суктандырган селкилерден Кабул аэропортундагы каргашага чейин. Апта ирмеми

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты.

Кабул аэропортунда азыркы күндөгү абал чыңалган бойдон турат. Жергиликтүү тургундардын айрым бөлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда. Кээ бирлери имараттарды басып алып эле тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан. Бири-бирин тебелеп салгандын жана ок атуунун натыйжасында 40 киши көз жумган.

Америкалык жеңил атлетчи Тара Дэвис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Өрт чалган өлкөлөрдөн тарта ажолордун жыйынына чейин. Сүрөт түрмөк
Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары келди. Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму болду. Анын жыйынтыгы менен 16 документке кол коюлду.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушту. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулуп, аягында маалымат жыйын курушту. Бул Меркелдин канцлер катары акыркы жолугушуусу болгону менен маанилүү. Буга чейин ал сентябрдагы шайлоого катышуудан баш тарта турганын айткан.

Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешти. Лас-Вегаста өткөн таймашта калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды.

© AFP / STANLEY LOUISГаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты
Сильное землетрясение на Гаити  - Sputnik Кыргызстан
1/17
Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты
© AFP / WAKIL KOHSARТалибдер бийликке келгенден кийинки Кабул аэропортундагы Афганистандын тургундары. Өлкөдөн чыгып кетүү максатында аэропортко келген миңдеген жергиликтүү тургундар имараттарды эле курчап тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан.
Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан
2/17
Талибдер бийликке келгенден кийинки Кабул аэропортундагы Афганистандын тургундары. Өлкөдөн чыгып кетүү максатында аэропортко келген миңдеген жергиликтүү тургундар имараттарды эле курчап тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан.
© AP Photo / Rick BowmerАКШнын Юта штатында жапайы аттардын кагылышы
Популяция диких лошадей в Юте - Sputnik Кыргызстан
3/17
АКШнын Юта штатында жапайы аттардын кагылышы
© AFP / KENA BETANCURНью-Йоркто (АКШ) Summer street фестивалында өнөр тартуулап жаткан акробат кыз
Фестиваль Summer street в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
4/17
Нью-Йоркто (АКШ) Summer street фестивалында өнөр тартуулап жаткан акробат кыз
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүАКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Афганистандан келген качкындардын нааразылык акциясынын катышуучулары. Митингчилер өзүлөрүнө Кыргызстанда расмий статус берүүнү же АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан бери жашашат.
Акция протеста беженцев из Афганистана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/17
АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Афганистандан келген качкындардын нааразылык акциясынын катышуучулары. Митингчилер өзүлөрүнө Кыргызстанда расмий статус берүүнү же АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан бери жашашат.
© AFP / ASE MARIE EVJEN / TROLLTUNGA ASЖаш жубайлар Норвегиянын Троллтунга аскасында фотосессия кылып жатышат.
Горный утес Троллтунга в Норвегии - Sputnik Кыргызстан
6/17
Жаш жубайлар Норвегиянын Троллтунга аскасында фотосессия кылып жатышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы таксисттин үйүндөгү муздаткыч. Сүрөт Sputnik Кыргызстандын фотодолбоорунун алкагында тартылган. Акыркы жарым жылда республика азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп калды
Фотопроект Холодильники бишкекчан - Sputnik Кыргызстан
7/17
Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы таксисттин үйүндөгү муздаткыч. Сүрөт Sputnik Кыргызстандын фотодолбоорунун алкагында тартылган. Акыркы жарым жылда республика азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп калды
© AP Photo / Noah BergerАКШнын Калифорния штатындагы токойлордун өрттөнүшү
Лесные пожары в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
8/17
АКШнын Калифорния штатындагы токойлордун өрттөнүшү
© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана анын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда
Заседание Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
9/17
Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана анын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМоскванын (Россия) Арбат көчөсүндө бийчилер тобу өнөр тартуулап жатышат
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
10/17
Москванын (Россия) Арбат көчөсүндө бийчилер тобу өнөр тартуулап жатышат
© AP Photo / John LocherФилиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашты. Лас-Вегаста өткөн таймашта кубалык мушкер утту. 12 раунддук беттеште калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды
Бой за звание чемпиона мира в полусреднем весе. Мэнни Пакьяо — Йорденис Угас - Sputnik Кыргызстан
11/17
Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашты. Лас-Вегаста өткөн таймашта кубалык мушкер утту. 12 раунддук беттеште калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды
© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушкан учуру. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулду. Аягында алар маалымат жыйын курушту
Встреча президента РФ В. Путина с канцлером Германии А. Меркель - Sputnik Кыргызстан
12/17
Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушкан учуру. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулду. Аягында алар маалымат жыйын курушту
© REUTERS / MONICAH MWANGIКениянын Масаи Мара улуттук коругундагы антилопалар
Популяция антилоп в Кения - Sputnik Кыргызстан
13/17
Кениянын Масаи Мара улуттук коругундагы антилопалар
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көл облусундагы Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо ишинин жүрүшүнөн бир көрүнүш. Жолдун 141,7 чакырым бөлүгүн ремонттоо 2025-жылга чейин жүргүзүлөт. Анда төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Азыркы күндө нөлдөн баштап 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат
Реконструкция участка автодороги Балыкчы-Барскоон - Sputnik Кыргызстан
14/17
Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо ишинин жүрүшүнөн бир көрүнүш. Жолдун 141,7 чакырым бөлүгүн ремонттоо 2025-жылга чейин жүргүзүлөт. Анда төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Азыркы күндө нөлдөн баштап 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат
© REUTERS / Michael ProbstФранкфурттагы (Германия) Эски опера имаратынын жанында көбүк учуруп ойноп жаткан бала
Старая опера во Франкфурте  - Sputnik Кыргызстан
15/17
Франкфурттагы (Германия) Эски опера имаратынын жанында көбүк учуруп ойноп жаткан бала
© REUTERS / US MARINESУлуу Британия, АКШ жана Түркиянын коалициялык күчтөрү Кабулдагы (Афганистан) аэропортто эвакуация учурунда өспүрүм балага жардам берип жатышат
Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан
16/17
Улуу Британия, АКШ жана Түркиянын коалициялык күчтөрү Кабулдагы (Афганистан) аэропортто эвакуация учурунда өспүрүм балага жардам берип жатышат
© AFP / ETHAN MILLERLas Vegas Raiderettes командасын колдоо тобундагы кыздар Seattle Seahawks командасы менен беттеш учурунда бийлеп жатышат
Предсезонный матч Las Vegas Raiderettes против Seattle Seahawks - Sputnik Кыргызстан
17/17
Las Vegas Raiderettes командасын колдоо тобундагы кыздар Seattle Seahawks командасы менен беттеш учурунда бийлеп жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0