09:17 29 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Сүрөт

Чолпон-Атада ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны кандай өттү. 14 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (315)
276 0 0
  • Өкмөт башчылары Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциянын жыйындар залына кирип жатышат
  • Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында ЕАЭБ, ошондой эле байкоочу (Өзбекстан, Куба) өлкөлөрдүн желектери
  • Сүрөттө Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Михаил Мишустин. Быйыл ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылууда
  • Отурумдун жыйынтыгы менен кол коюуга 16 документ даярдалды
  • Өкмөттөр аралык кеңештин отуруму эки күнгө созулду: кечээ ал тар чөйрөдө болсо, бүгүн премьерлер кеңейтилген форматта жолугушту
  • Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов соода алакадагы тоскоолдуктар тууралуу маселени ортого салды
  • Михаил Мишустин ЕАЭБ пандемиянын тушундагы ар кандай чакырыктарга ыкчам жана ийкемдүү ылайыкташканын белгиледи
  • Кубанын премьер-министри Мануэль Маррэро Крус видеоконференциялык байланыш аркылуу кошулду
  • Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов отурумга байкоочу катары катышты
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери уюмдагы мамлекеттердин экономикасы ишенимдүү түрдө калыбына келип жатканын белгилеп, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөшүштү
  • Улукбек Марипов 2022-жылдын жай айында Ысык-Көлдүн жээгинде евразиялык экологиялык жана климаттык форум өткөрүүнү сунуштады. Ал климаттын өзгөрүүсүнө жана жашыл экономика маселесине арналмакчы
  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян айткандай, ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын жалпы рыногун түзүү концепциясын макулдашты
  • Биримдиктеги өлкөлөрдүн мындан аркы интеграциясына салым кошо турган бир катар документтерге кол коюлду
  • Өкмөттөр аралык кеңештин келерки отуруму декабрь айында Алматыда өтөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өкмөт башчылары Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциянын жыйындар залына кирип жатышат

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кечээ Ысык-Көлдүн жээгинде тар чөйрөдө жолугушкан, бүгүн кеңири форматтагы отурум өттү. Иш-чарадагы кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Бүгүн, 20-августта, Ысык-Көлдүн жээгинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү.

Интеграциялык бирикменин актуалдуу маселелерин Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Армениянын өкмөт башчылары талкуулашты. Иш-чарага Өзбекстан менен Кубанын премьер-министрлери да байкоочу катары катышты.

Премьерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы ишенимдүү түрдө калыбына келип жатканын белгилешти. Соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөшүп, ошондой эле бир катар документтерге кол коюшту.

Иш-чарадагы кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (315)

Тема боюнча

ЕАЭБ: соода жаатында бир катар тоскоолдуктарды жоюу пландалууда
Көл жээгине чогулган ЕАЭБдин өкмөт башчылары 15 документке кол койду. Тизме
Мишустин: ЕАЭБ менен кызматташууга эл аралык коомчулуктун кызыгуусу артууда
Белгилер:
Ысык-Көл, Чолпон-Ата, Евразиялык экономикалык биримдик, жыйын

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ