Элдин ачка-ток отурганын чагылдырган муздаткычтар. Бишкектен тартылган сүрөттөр

Жазылуу
Кыргызстандыктар кандай жашап жатканын көрсөтүү үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчылары муздаткычында эмне бар экенин сүрөткө тартып келди.

Кыргызстан жарым жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында тамак-ашка болгон баанын өсүшү боюнча алдыга чыкты. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө декабрдан бери азык-түлүктүн баасы 10,5 пайызга жогорулады. Кымбатчылык муну менен эле чектелбей, курулуш материалдарын, жем-чөп алууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө да байкалды.

Жашылчалар көргөзмөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Кыргызстанда бир айда кайсы азыктар кымбаттап, эмнелер арзандады
Пандемия шартында кыргызстандыктардын бир бөлүгүнүн жумушу токтоп калышы, жогорку инфляция жана баалардын өсүшү калктын жашоо деңгээлине таасир этпей койгон жок.

Элдин учурдагы жашоо-шартын чагылдыруу максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчылары шаардыктардын муздаткычында эмне бар экенин сүрөткө тартып келди. Муздаткычтагы көрүнүш социалдык-экономикалык абал тууралуу Статкомдун цифраларынан калышпайт деп эсептейбиз. Бул долбоорго катышкан үй-бүлөлөрдүн көбү анонимдүүлүктү сактоо шарты менен гана макул болду. Сүрөттөр Бишкектен жана шаардын жака белинен тартылды.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында ижарага батир алып жашаган бухгалтер айымдын үй-бүлөсүнүн муздаткычы. Ал жакында эле маяна алган
Бишкек шаарында ижарага батир алып жашаган бухгалтер айымдын үй-бүлөсүнүн муздаткычы. Ал жакында эле маяна алган - Sputnik Кыргызстан
1/10
Бишкек шаарында ижарага батир алып жашаган бухгалтер айымдын үй-бүлөсүнүн муздаткычы. Ал жакында эле маяна алган
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектик үй-бүлөнүн муздаткычы. Үйүндө мектепке чейинки курактагы үч баласы бар
Бишкектик үй-бүлөнүн муздаткычы. Үйүндө мектепке чейинки курактагы үч баласы бар - Sputnik Кыргызстан
2/10
Бишкектик үй-бүлөнүн муздаткычы. Үйүндө мектепке чейинки курактагы үч баласы бар
© Sputnik / Табылды КадырбековЭки жашар баласын тарбиялап отурган жалгыз бой эне. Сүрөт Бишкектин чок ортосундагы жаңы үйлөрдүн биринен тартылды
Эки жашар баласын тарбиялап отурган жалгыз бой эне. Сүрөт Бишкектин чок ортосундагы жаңы үйлөрдүн биринен тартылды - Sputnik Кыргызстан
3/10
Эки жашар баласын тарбиялап отурган жалгыз бой эне. Сүрөт Бишкектин чок ортосундагы жаңы үйлөрдүн биринен тартылды
© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда эки баласы бар жаш үй-бүлөнүн муздаткычы. Атасы жакшы маяна төлөгөн кызматта иштейт
Колунда эки баласы бар жаш үй-бүлөнүн муздаткычы. Атасы жакшы маяна төлөгөн кызматта иштейт - Sputnik Кыргызстан
4/10
Колунда эки баласы бар жаш үй-бүлөнүн муздаткычы. Атасы жакшы маяна төлөгөн кызматта иштейт
© Sputnik / Табылды КадырбековКара-Жыгач конушунда жашаган үй-бүлө азык-түлүктү сактоо үчүн иштебей калган муздаткычты колдонот. Бул үйдө жашаган аял балдары менен Нарын облусунан келгенин айтты. Керектүү документтердин жоктугунан пенсия ала албай жүрөт
Кара-Жыгач конушунда жашаган үй-бүлө азык-түлүктү сактоо үчүн иштебей калган муздаткычты колдонот. Бул үйдө жашаган аял балдары менен Нарын облусунан келгенин айтты. Керектүү документтердин жоктугунан пенсия ала албай жүрөт - Sputnik Кыргызстан
5/10
Кара-Жыгач конушунда жашаган үй-бүлө азык-түлүктү сактоо үчүн иштебей калган муздаткычты колдонот. Бул үйдө жашаган аял балдары менен Нарын облусунан келгенин айтты. Керектүү документтердин жоктугунан пенсия ала албай жүрөт
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте улгайып калган жубайлардын муздаткычы. Балдары өзүнчө жашайт, алар ата-энесине материалдык жактан жардам берип турушат
Бишкекте улгайып калган жубайлардын муздаткычы. Балдары өзүнчө жашайт, алар ата-энесине материалдык жактан жардам берип турушат - Sputnik Кыргызстан
6/10
Бишкекте улгайып калган жубайлардын муздаткычы. Балдары өзүнчө жашайт, алар ата-энесине материалдык жактан жардам берип турушат
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөт борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде тартылды. Үй ээси убактылуу жумушу жок отуруп калды, мурда ал набайчылардын нанын ташып иштечү
Сүрөт борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде тартылды. Үй ээси убактылуу жумушу жок отуруп калды, мурда ал набайчылардын нанын ташып иштечү - Sputnik Кыргызстан
7/10
Сүрөт борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде тартылды. Үй ээси убактылуу жумушу жок отуруп калды, мурда ал набайчылардын нанын ташып иштечү
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын четинде жашаган мугалимдин муздаткычы. Ал калаадагы беделдүү жеке менчик мектептердин биринде иштейт
Бишкек шаарынын четинде жашаган мугалимдин муздаткычы. Ал калаадагы беделдүү жеке менчик мектептердин биринде иштейт - Sputnik Кыргызстан
8/10
Бишкек шаарынын четинде жашаган мугалимдин муздаткычы. Ал калаадагы беделдүү жеке менчик мектептердин биринде иштейт
© Sputnik / Табылды КадырбековШаар четинде жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн муздаткычы
Шаар четинде жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн муздаткычы - Sputnik Кыргызстан
9/10
Шаар четинде жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн муздаткычы
© Sputnik / Табылды КадырбековКалыс-Ордо конушунда жашаган таксисттин үй-бүлөсүнүн муздаткычы
Калыс-Ордо конушунда жашаган таксисттин үй-бүлөсүнүн муздаткычы - Sputnik Кыргызстан
10/10
Калыс-Ордо конушунда жашаган таксисттин үй-бүлөсүнүн муздаткычы
Жаңылыктар түрмөгү
0