Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

Жазылуу
Токиодо Олимпиада оюндары уланууда. Дүйнө эли күтүп, толкунданып, байкоо салып турган ири спорттук иш-чарада күлкүлүү жана кызыктуу учурлар болбой койбойт.

Токиодогу мелдешти ондогон мамлекеттен барган оператор жана фотографтар чагылдырууда. Коронавируска байланыштуу күйөрмандардын аздыгынан да ЖМКнын көңүлү спортчуларга көп бурулуп жатканы анык.

Сүрөт түрмөктөн атлеттердин машыгууда жана мелдеш маалында ой-толгоолору жана эмоцияларын, ошондой эле күлкүлүү жана кызыктуу учурлардагы кебетелерин көрүүгө болот.

© REUTERS / Aleksandra Szmigiel Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
Кристоф Милак из Венгрии позирует со своей золотой медалью на пьедестале почета в Токио - Sputnik Кыргызстан
1/16
Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
© AFP / Martin BernettiПортугалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
Вратарь Португалии Густаво Капдевиль и Лукас Пеллас из Швеции во время гандбольного матча на Олимпийских играх в Токио - Sputnik Кыргызстан
2/16
Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
© AFP / Angela WeissСунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
Фабиан Држизга, Матеуш Бениек и Михал Кубяк из Польши пытаются заблокировать удар во время Олимпийских игр 2020 - Sputnik Кыргызстан
3/16
Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
© AP Photo / Kirsty WigglesworthКайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
Брэдли Форбс-Крайанс из Британии участвует в мужских заплывах К1 в гребном слаломе на летних Олимпийских играх 2020  - Sputnik Кыргызстан
4/16
Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
© REUTERS / Marko Djurica Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
Кристоф Милак из Венгрии на Олимпийских играх в Токио-2020 - Sputnik Кыргызстан
5/16
Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
© AP Photo / Matthias SchraderАдатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
Спортсмены тренируются во время тренировки по прыжкам в воду в Токийском центре на летних Олимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
6/16
Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
© REUTERS / Gonzalo FuentesФотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
Жужанна Томори из Венгрии на Олимпийских играх в Токио-2020 - Sputnik Кыргызстан
7/16
Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
© REUTERS / Kacper PempelҮч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
Сборная Италии на Олимпийских играх в Токио-2020  - Sputnik Кыргызстан
8/16
Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
© AP Photo / Pavel GolovkinДаниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
Датчанин Лассе Андерссон наблюдает за матчем после травмы во время гандбольного матча на летних Олимпийских играх 2020 - Sputnik Кыргызстан
9/16
Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
© Sputnik / Grigory Sysoev / Медиабанкка өтүүРоссиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
Российский спортсмен Евгений Рылов  перед стартом в финальном заплыве на 100 метров на спине среди мужчин на XXXII летних Олимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
10/16
Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
© AP Photo / Matthias SchraderДагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
Томас Чеккон из Италии стартует в полуфинале на дистанции 100 метров брассом среди мужчин на летних Олимпийских играх 2020  - Sputnik Кыргызстан
11/16
Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
© REUTERS / John SibleyСекирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
Келли Клаас из США на Олимпийских играх в Токио-2020   - Sputnik Кыргызстан
12/16
Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
© REUTERS / Kacper Pempel Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
Душан Мандич из Сербии в бою против Мурата Шакенова из Казахстана на Олимпийских играх в Токио-2020    - Sputnik Кыргызстан
13/16
Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
© Sputnik / Vladimir Pesnya  / Медиабанкка өтүүРоссиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
 Светлана Холомина и Надежда Макрогузова во время матча турнира по пляжному волейболу на XXXII Олимпийских играх в Токио - Sputnik Кыргызстан
14/16
Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
© AFP / Jung Yeon-jeКорей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
Корейцы Ли Сан Су и Чон Джи Хи соревнуются с Лин Юн Джу и Ченг И-чинг из Южного Тайваня во время Олимпийских игр 2020 - Sputnik Кыргызстан
15/16
Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
© AP Photo / Sue OgrockiЯпониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
Японец Ю Ямамото падает через стену на летних Олимпийских играх 2020  - Sputnik Кыргызстан
16/16
Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
Жаңылыктар түрмөгү
0