Нигматулин сүйүүсүнө жолуккан тасма. "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүүдөгү" ирмемдер

Жазылуу
Мындан 40 жыл мурда белгилүү режиссёр Мелис Убукеев "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын көрүүчүлөргө сунуштаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мелодрамадагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Тасманын сценарийи Аркадий Ваксбергдин чыгармасынын негизинде жазылып, аны камерага Константин Орозалиев түшүргөн. Кинофильмде Борбор Азиядагы чакан бир шаардагы турмуш, театрдын артисти Назарды сүйүп калган Гулянын турмушу баяндалат. Бирок жаш кызды жакындары Эркин аттуу адамга турмушка берүүгө аракет кылат. Тойдун алдында Назар менен Гуля жакын болуп, кыздын боюна бүтүп калат. Туугандарынын кысымы менен Гуля зордукталганын айтып милицияга арыз жазып, Назар соттолуп кетет.

Төлөмүш Океевдин Алтын күз тасмасын тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер
Убакыт өтүп Гуля уул төрөп, өзү сүйгөн камактагы Назарды эркиндикке чыгарууга аракет кылат. Бирок анын каалоосун бир дагы инстанция канааттандырбай коёт. Тасмада темир тор артындагы эркектин, баласы менен аны күткөн келиндин сезимдери, кусалыктан өзүн-өзүн атып өлтүргөн аялдын кайгылуу тагдыры көрсөтүлгөн.

Кинофильмде Талгат Нигматулин, Венера Ибрагимова, Советбек Жумадылов, Светлана Норбаева, Куман Тастанбеков, Ахмед Шамиев, Макиль Куланбаев, Лейла Бекназарова, Павел Винник, Тургун Бердалиев, Асанали Ашимов, Раиса Куркина, Наталья Аринбасарова образ жараткан.

"Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" фильминин аркасы менен башкы ролдорду аткарган Талгат Нигматулин менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова жакшы мамиледе болуп баш кошуп, Линда аттуу кыздуу болушкан. Анда Нигматулин 33, Ибрагимова 19 жашта болгон.

 

 

© Sputnik / Александр ФедоровБашкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
1/12
Башкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова
© Sputnik / Александр ФедоровАктёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
3/12
Актёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан
© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында
Актриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан
4/12
Белгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында
© Sputnik / Александр ФедоровЖайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
5/12
Жайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр
© Sputnik / Александр ФедоровБалалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
6/12
Балалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева
© Sputnik / Александр ФедоровСахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
7/12
Сахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса
© Sputnik / Александр ФедоровКызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
8/12
Кызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман
© Sputnik / Александр ФедоровКамера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
9/12
Камера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев
© Sputnik / Александр ФедоровКиночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
10/12
Киночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан
© Sputnik / Александр ФедоровКамактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
11/12
Камактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)
© Sputnik / Александр ФедоровУбукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган
Съемки художественного фильма Провинциальный роман режиссера Убукеева - Sputnik Кыргызстан
12/12
Убукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган
Жаңылыктар түрмөгү
0