Булуттарды кучактап! Төө-Ашуудан тартылган эң кооз 10 ирмем

Жазылуу
Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Биздин окурмандарга бул аймактын кооздугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Төө-Ашууга барып, бир нече сүрөт тартып келген. Кыргызстандагы эң узун Ош — Бишкек автожолу дал ушул ашуу аркылуу өтөт. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө, Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2020
Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
Бул ашуу аркылуу Чүйдөн Суусамырга өтсө болот. Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт керектелет. Белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген. Түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор бар. Ал эми түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы жайгашкан. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери. Эл ичинде айтылуу балбан Кожомкул  Каба уулу Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деп айтышат.

Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланыштуу коюлуп келген. "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир. Болгону салыштыруу иретинде аталган. Кыргызстандын аймагындагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктиги төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБулуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
1/10
Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековКулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
2/10
Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
© Sputnik / Табылды КадырбековАшуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
3/10
Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
4/10
Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
© Sputnik / Табылды КадырбековАшууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
5/10
Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
© Sputnik / Табылды КадырбековАшуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
6/10
Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
7/10
Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
8/10
Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
9/10
Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАшуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
Романтические фотографии верблюжьего перевала Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
10/10
Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
Жаңылыктар түрмөгү
0