Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү

Жазылуу
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагы башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинен тартылган ирмемдерди көрө аласыз. Бул эки станция Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн электр кубаты менен камсыздайт.

Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат. ГЭС 46 жылдан бери иштегендиктен, жабдуулар абдан эскирген. Андыктан 2017-жылдан бери станцияда реконструкция жасалууда. Аталган иштердин биринчи фазасы 2019-жылдын октябрь айында аяктаган. Президенттин маалымат кызматынан үчүнчү фаза аяктаган соң Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартыларын айтты.

Бишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө эле азайып кеткендиктен, жарым кылымдан ашуун убакыт мурда суу астында калган курулуштар түбүнөн көрүнө баштаган. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычынын деңгээли 10,8 миллиард куб метрге көтөрүлдү.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Энергетика жана өнөр жай министрлиги уюштурган пресс-турдун алкагында Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерине барып келди.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Электр станциялары" компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет
Электр станциялары компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет - Sputnik Кыргызстан
1/15
"Электр станциялары" компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет
© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет
Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет - Sputnik Кыргызстан
2/15
Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет
© Sputnik / Жоомарт УраимовГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт
ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт - Sputnik Кыргызстан
3/15
ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт
© Sputnik / Бакыт СмаиловТоктогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат
Токтогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат - Sputnik Кыргызстан
4/15
Токтогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат
© Sputnik / Жоомарт УраимовМай айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү
Май айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
5/15
Май айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү
© Sputnik / Жоомарт УраимовСтанция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган
Станция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган - Sputnik Кыргызстан
6/15
Станция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат
Жабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат - Sputnik Кыргызстан
7/15
Жабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат
© Sputnik / Жоомарт УраимовСтанцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда
Станцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда - Sputnik Кыргызстан
8/15
Станцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы
Жаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы - Sputnik Кыргызстан
9/15
Жаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭнергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле - Sputnik Кыргызстан
10/15
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле
© Sputnik / Жоомарт УраимовСалыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган
Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган - Sputnik Кыргызстан
11/15
Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган
© Sputnik / Бакыт СмаиловКамбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда
Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда - Sputnik Кыргызстан
12/15
Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда
© Sputnik / Бакыт СмаиловКамбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет
Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет - Sputnik Кыргызстан
13/15
Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет
© Sputnik / Бакыт СмаиловКамбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш
Камбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
14/15
Камбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш
© Sputnik / Жоомарт УраимовКамбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0