Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө

Жазылуу
Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү убактылуу тышкы башкарууга алып, учурда өзү иштетип жатат. Буга Centerra компаниясы алтынды жапайычылык ыкма менен казганы себеп болгон. Экологияга келтирилген зыян 3 миллиард доллардан ашыгыраак деп бааланды.

28-майда кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.

Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосу
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 2014-жылга чейин бул талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди.

Кумтөр – алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири. Бул кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган. Ушул кезге чейин Centerra Gold Inc. жалпысынан 11,5 миллиард доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд. доллар алган.

Май айынын башында Кыргызстандын соту канадалык компанияга экологияга тийгизген залакасы үчүн 261,7 миллиард сомдук айып салды. Ал арада компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

© Sputnik / Акылбек БатырбековЭкология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 2014-жылга чейин коюлган талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
1/14
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 2014-жылга чейин коюлган талапты аткарбай, калдыктарды мөңгүнүн үстүнө таштай бергенин билдирди
© Sputnik / Эламан КарымшаковКен казуу учурунда алтын кошулмасы бар рудалар фабрикага жөнөтүлөт. Андан башка калдыктарды атайын белгиленген жерге ташып келип төгүшөт.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
2/14
Кен казуу учурунда алтын кошулмасы бар рудалар фабрикага жөнөтүлөт. Андан башка калдыктарды атайын белгиленген жерге ташып келип төгүшөт.
© Sputnik / Акылбек БатырбековКарьер менен жараксыз калдыкты таштоочу жайдын аралыгы 6-10 чакырымды түзөт
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
3/14
Карьер менен жараксыз калдыкты таштоочу жайдын аралыгы 6-10 чакырымды түзөт
© Sputnik / Акылбек БатырбековПлан боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна топурак казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
4/14
План боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна топурак казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда
© Sputnik / Акылбек БатырбековБашкы экологдун айтымында, Centerra 1995-жылдан баштап эле ушул жерге ташып келип төгүш керек эле. Бирок 10 чакырым жерге кеткен күйүүчү майды үнөмдөйбүз деп карьердин тегерегиндеги муздардын үстүнө төгүп, мөңгүнүн тилин жок кылган.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
5/14
Башкы экологдун айтымында, Centerra 1995-жылдан баштап эле ушул жерге ташып келип төгүш керек эле. Бирок 10 чакырым жерге кеткен күйүүчү майды үнөмдөйбүз деп карьердин тегерегиндеги муздардын үстүнө төгүп, мөңгүнүн тилин жок кылган.
© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөрдүн уу калдыктарды сактоочу жайынын аянты 400 гектар. Алтын ылгап алгандан кийин чыккан уулуу заттарды ушул жерге алып келип төгүшөт. Бүгүнкү күндө сакталып турган уулуу калдыктын көлөмү 95 миллион куб метрге жетти.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
6/14
Кумтөрдүн уу калдыктарды сактоочу жайынын аянты 400 гектар. Алтын ылгап алгандан кийин чыккан уулуу заттарды ушул жерге алып келип төгүшөт. Бүгүнкү күндө сакталып турган уулуу калдыктын көлөмү 95 миллион куб метрге жетти.
© Sputnik / Эламан КарымшаковНегизги карьердин азыркы көрүнүшү. Маңдайдан Лысый мөңгүсү көрүнүп турат.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
7/14
Негизги карьердин азыркы көрүнүшү. Маңдайдан Лысый мөңгүсү көрүнүп турат.
© Sputnik / Акылбек БатырбековҮстүдөгү мөңгүдөн түшкөн суу Петров көлүнө куят
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
8/14
Үстүдөгү мөңгүдөн түшкөн суу Петров көлүнө куят
© Sputnik / Эламан КарымшаковСууну насос менен тарттырып алып кеткен. Ал суу фабрикада алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонулат.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
9/14
Сууну насос менен тарттырып алып кеткен. Ал суу фабрикада алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонулат.
© Sputnik / Эламан КарымшаковБашкы эколог Centerra суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөгөнүн, мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок экенин айтат.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
10/14
Башкы эколог Centerra суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөгөнүн, мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок экенин айтат.
© Sputnik / Эламан Карымшаков15-майда мурдагы жетекчилер мөңгүнүн жылып турганына көз салган системаны өчүрүп кеткен. Мындан улам геотехниктер радар жайгашкан жерге барып төрт күн бою кол менен көзөмөлдөп турушкан. Учурда мунун баары калыбына келтирилди.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
11/14
15-майда мурдагы жетекчилер мөңгүнүн жылып турганына көз салган системаны өчүрүп кеткен. Мындан улам геотехниктер радар жайгашкан жерге барып төрт күн бою кол менен көзөмөлдөп турушкан. Учурда мунун баары калыбына келтирилди.
© Sputnik / Эламан КарымшаковМегашоп деп аталган жайда бузулган техникаларды оңдоп чыгышат
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
12/14
Мегашоп деп аталган жайда бузулган техникаларды оңдоп чыгышат
© Sputnik / Эламан КарымшаковКумтөрдө Caterpillar үлгүсүндөгү самосвалдар иштейт, булардын кичирээги 130, чоңу 180 тоннага чейин жүк көтөрөт
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
13/14
Кумтөрдө Caterpillar үлгүсүндөгү самосвалдар иштейт, булардын кичирээги 130, чоңу 180 тоннага чейин жүк көтөрөт
© Sputnik / Акылбек БатырбековАлтын казылган негизги карьерде 170 оор техника иштейт. Анын ичинен 14ү экскаватор, 116сы самосвал.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
14/14
Алтын казылган негизги карьерде 170 оор техника иштейт. Анын ичинен 14ү экскаватор, 116сы самосвал.
Жаңылыктар түрмөгү
0