Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер

Жазылуу
Мындан 50 жыл мурун кинорежиссёр Төлөмүш Океев Уркуя Салиева жөнүндө тарыхый көркөм тасма тартууга киришип, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде кинорежиссёр Төлөмүш Океев 1971-жылы "Отко таазим" аттуу тасма тартып баштайт. Анда аялдардын арасында алгачкылардан болуп айылдык кеңештин төрайымы, кийин колхоз башчысы болуп иштеген Уркуя Салиеванын өмүрү, басып өткөн жолу, адамдык сапаттары көрсөтүлгөн. Ага чейин Океев жазуучу Касымаалы Баялиновдун "Ажар" повести боюнча 1916-жылдагы окуяларга кайрылып фильм жаратууга аракет кылган. Бирок жогору жактагылар демилгени колдогон эмес. Ошондон улам СССРдин эл артисти "Отко таазимге" бел байлап, архивдик документтерди изилдеп, мезгилдүү басылмаларда жарыяланган маалыматтарды чогулткан.

Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Киночулар чыгарманы өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагыдай кылып камерага түшүрүү үчүн Баткен облусуна болгон техника, жабдуулар менен көчүп барып, ондогон актриса, актёр бала-бакырасы менен жеткирилген. Ага чейин кинематографисттер республика аймагын түрө кыдырып, электр чубалгылары өтпөгөн, даңгыраган жол салынбаган, автоунаалар жүрбөгөн жерди издеп, цивилизация жетпеген, жашоочулары жок эски кыштакты Баткен облусунан тапкан. Анткени кинокартинада Кыргызстанда совет бийлигинин жаңы орногонун, элдин жашоо-турмушун, колхоздоштуруунун алгачкы жылдарын көрсөтүү керек эле. Ээн талаада кошумча курулуш иштери жүргүзүлүп, эски кийим-кече издеп, талаа иштери күчөгөн кезде массовка чогултуп, ошол мезгилдеги элдин маанайын ачып берүүгө бардык аракет жасалган.

Андан сырткары, кинофильмде роль аткарган актёрлордун өңү-түсүн, келбетин ошол жылдарга окшоштуруш үчүн режиссёр артисттерди күн сайын төрт-беш саат ачык талаада отургузган. Түштөн кийин гана суусап, бозала болгон актёрлорду оператор Кадыржан Кадыралиев камерасына тарткан. Ушундай оор шартта жаралган эмгекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын боюнан да түшүп калган экен.

Көзү тирүү кезинде улуу актриса Sputnik агенттигине маек куруп, өмүрүндөгү ушул ирмемди төмөнкүчө айтып берген:

Белгилүү кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаровдун Каныбек тасмасын тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Түрмөдө, ооруканада, талаада иштеген актёрлор. Геннадий Базаровдун каармандары
"Бир окуя эсиме түштү... 1971-жыл. Баткенде "Уркуя" киносуна тартылып жаткан кез, жай, аптап. Күйөөм да жаныма учуп барды. Жакын жерде көл бар, кош бойлуу болгондо чөкпөйт да экен, түшө бердим... Бир аз күндөн соң толгоо башталды. Бала үшүп, туурасынан келип калыптыр. Жергиликтүү төрөт үйүнө, доктурга алып барышты. Ымыркайдын колу чыгып, өзү чыкпайт. Дарыгерлер 2-3 саат алпурушту. Артисттердин баары ошол жерде айланчыктап жүрүшүптүр. Бир учурда дарыгерлер же энесин, же баласын сактап калыш керек деген чечимге келип, анан жолдошум, кыязы, энесин алып калгыла деген го. Ымыркайдын колун кесип туруп, анан сууруп чыгышыптыр. Мага наркоз берилип, эч нерсени сезбептирмин.

...Кинону бүтүрүш керек деп тасмада араба менен көчүп жаткан эпизодду тартууга туура келди. Түк алым жок, машина менен алып барып, анан ошол жерден арабага отургузушту. Аны эч унутпайм. Муну жаш кезимдеги акылсыздыгым деп билем. Ойлосом жаман болуп кетем. Акыл калчаш керектиги анда кайдан ойго келиптир", — деген Сейдакматова.

Ал эми башкы каарман Уркуянын ролун аткаргысы келген актрисалар Фрунзедеги театрлардан, башка советтик республикалардын чыгармачыл жамааттарынан бери келген. Океев көпчүлүгүн жактырбай, соңунда Таттыбүбү Турсунбаевага токтогон.

Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Аталган фильмде роль жараткан курам күчтүү эле. Арасында Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Искендер Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Жапар Садыков, Асанбек Кыдырназаров, Алымкул Алымбаев, Тургун Бердалиев, Чоро Думанаев, Насрет Дубашев, Чолпон Даанышманова, Аскар Сейдалиев, Деңизбек Чалапинов, Алмаз Кыргызбаев, Текен Чалапинов, Николай Толстых бар болчу.

"Отко таазим" 1972-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, режиссёр Төлөмүш Океевге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каарман Уркуянын ролун аткарган чырайлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
1/13
Башкы каарман Уркуянын ролун аткарган чырайлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКолхоздун уйларын уурдап саткан шектүүлөр. Тасма тартуу маалындагы ирмем
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
2/13
Колхоздун уйларын уурдап саткан шектүүлөр. Тасма тартуу маалындагы ирмем
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКиночулар массовкага катышкандардын көпчүлүгүн жергиликтүү тургундардын арасынан чогулткан
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
3/13
Киночулар массовкага катышкандардын көпчүлүгүн жергиликтүү тургундардын арасынан чогулткан
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУкук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берген кош бойлуу Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева)
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
4/13
Укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берген кош бойлуу Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева)
© Sputnik / Александр ФедоровКаракчылардын таяк жеп айылдан качкан Үтүр уста (Сүймөнкул Чокморов), ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
5/13
Каракчылардын таяк жеп айылдан качкан Үтүр уста (Сүймөнкул Чокморов), ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя
© Sputnik / Александр ФедоровКинофильмде тартылган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
6/13
Кинофильмде тартылган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев
© Sputnik / Александр ФедоровТаланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен иштешкен киночулар
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
7/13
Таланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен иштешкен киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровКороодо баласын киринткен Уркуя. Кинокартинага Таттыбүбү Турсунбаеванын кичинекей уулу Канат да тартылган
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
8/13
Короодо баласын киринткен Уркуя. Кинокартинага Таттыбүбү Турсунбаеванын кичинекей уулу Канат да тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр борбордон келген актёрлорду келбетин элеттиктерге окшоштуруу үчүн атайын күн чайыттай тийген талаада отургузган
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
9/13
Режиссёр борбордон келген актёрлорду келбетин элеттиктерге окшоштуруу үчүн атайын күн чайыттай тийген талаада отургузган
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы ролду аткарган Таттыбүбү Турсунбаева атка жакшы мингенин замандаштары эскерет
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
10/13
Башкы ролду аткарган Таттыбүбү Турсунбаева атка жакшы мингенин замандаштары эскерет
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАт арабанын үстүндө Искендер Рыскулов, актриса Зарема Мадемилова, колуна ымыркай кармаган Таттыбүбү Турсунбаева жана ат минип келе жаткан актёр Бакирдин Алиев. Баткен, 1971-жылы
Кадр из кинофильма Поклонись огню - Sputnik Кыргызстан
11/13
Ат арабанын үстүндө Искендер Рыскулов, актриса Зарема Мадемилова, колуна ымыркай кармаган Таттыбүбү Турсунбаева жана ат минип келе жаткан актёр Бакирдин Алиев. Баткен, 1971-жылы
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЭл ичине бүлүк салган ажы (Муратбек Рыскулов) кол алдындагы жигиттерин сабап жаткан учур. Кинокартинадагы бир ирмем
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
12/13
Эл ичине бүлүк салган ажы (Муратбек Рыскулов) кол алдындагы жигиттерин сабап жаткан учур. Кинокартинадагы бир ирмем
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКаракчылардын колунан көз жумган 24 жаштагы Уркуя жана жолдошу Колдош экөө канжалап жаткан эпизод
Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан
13/13
Каракчылардын колунан көз жумган 24 жаштагы Уркуя жана жолдошу Колдош экөө канжалап жаткан эпизод
Жаңылыктар түрмөгү
0