Чырайлуу, атактуу Наоми Кэмпбелл 51 жашта. Кызыктуу сүрөттөр

Жазылуу
Супермодель Наоми Кэмпбелл 51 жашка чыкты. Атактуу моделдин жашоосун, сулуулугун жана ишин чагылдырган ирмемдерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.

Наоми Кэмпбелл 22-майда туулган күнүн белгилеп, андан бир нече күн мурда биринчи ирет эне болду.

Кэмпбелл Стретемде (Түштүк Лондон) бийчинин үй-бүлөсүндө туулган. Британиялык супермодель, киноактриса жана ырчынын теги африка-ямайкалык жана кытай-ямайкалык тукумга барып такалат. Жети жашында Боб Марлинин клибине тартылса, 15ке чыкканда ага Париждеги моделдик агенттиктин көзү түшүп, андан көп өтпөй кыз алгачкы ирет подиумга чыккан. Кийинчерээк ал Vogue жана Time журналдарынын кара түстүү алгачкы модели болгон.

Модель Яэль Шелбиа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2021
Израилдик модель дүйнөдөгү ажарлуу айым деп табылды. Сүрөт
1980-жылдардын соңунда Наоми Кэмпбелл, Кристи Тарлингтон жана Линда Евангелиста моделдердин "Тринити" деп аталган тобун түзүп, кымбатка бааланган жана элге таанымал моделдерден болушкан. Керилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди кара кабылан (Black Panther) деп аташкан. Ал эң атактуу жана келечектүү делген Versace, Roberto Cavalli, Dolce & Gabbana, Gucci, Fendi жана дагы бир катар мода үйлөрү менен кызматташкан.

Кэмпбелл өзү менен иштешкен кызматкерлери — ассистенттери, айдоочулары менен урушуп, аларга ыдык көрсөткөн үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылган.

© AP Photo / Bruno MosconiВалери Кэмпбелл. Бул аял топ-модель Наоми Кэмпбеллдин энеси. Ал римдик эгиздер Ромул жана Реманы кармап турат. Сүрөт 1996-жылы Гай Маттиоло коллекцияларын көрсөтүп жаткан учурда тартылган
Валери Кэмпбелл. Бул аял топ-модель Наоми Кэмпбеллдин энеси. Ал римдик эгиздер Ромул жана Реманы кармап турат. Сүрөт 1996-жылы Гай Маттиоло коллекцияларын көрсөтүп жаткан учурда тартылган - Sputnik Кыргызстан
1/17
Валери Кэмпбелл. Бул аял топ-модель Наоми Кэмпбеллдин энеси. Ал римдик эгиздер Ромул жана Реманы кармап турат. Сүрөт 1996-жылы Гай Маттиоло коллекцияларын көрсөтүп жаткан учурда тартылган
© AP Photo / Ed BaileyНаоми модельерлер Гордон Хендерсон жана Жеффри Бэнкс менен. Сүрөт 1989-жылы Нью-Йорктогу Hilton отелиндеги мода көргөзмөсүндө тартылган
Наоми модельерлер Гордон Хендерсон жана Жеффри Бэнкс менен. Сүрөт 1989-жылы Нью-йорктогу Hilton отелиндеги мода көргөзмөсүндө тартылган - Sputnik Кыргызстан
2/17
Наоми модельерлер Гордон Хендерсон жана Жеффри Бэнкс менен. Сүрөт 1989-жылы Нью-Йорктогу Hilton отелиндеги мода көргөзмөсүндө тартылган
© Sputnik / Mikhail Fomichev / Медиабанкка өтүүКэмпбелл россиялык дизайнер Игорь Чапуриндин колунан чыккан костюмду кийип турат
Кэмпбелл россиялык дизайнер Игорь Чапуриндин колунан чыккан костюмду кийип турат - Sputnik Кыргызстан
3/17
Кэмпбелл россиялык дизайнер Игорь Чапуриндин колунан чыккан костюмду кийип турат
© AP Photo / Silvia IzquierdoНаоми Кэмпбелл жана дизайнер Тито Бесса Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) заманбап искусство музейиндеги көргөзмөдө
Наоми Кэмпбелл жана дизайнер Тито Бесса Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) заманбап искусство музейиндеги көргөзмөдө - Sputnik Кыргызстан
4/17
Наоми Кэмпбелл жана дизайнер Тито Бесса Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) заманбап искусство музейиндеги көргөзмөдө
© AP Photo / Luca BrunoКарла Бруни, Клаудия Шиффер, Наоми Кэмпбелл, Синди Кроуфорд жана Хелена Кристенсен Versace коллекциясын алып чыккан учур, 2017-жыл
Карла Бруни, Клаудия Шиффер, Наоми Кэмпбелл, Синди Кроуфорд жана Хелена Кристенсен Versace коолекциясын алып чыккан учур, 2017-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/17
Карла Бруни, Клаудия Шиффер, Наоми Кэмпбелл, Синди Кроуфорд жана Хелена Кристенсен Versace коллекциясын алып чыккан учур, 2017-жыл
© AP Photo / Noemi BruzakНаоми Ferrari командасынын менеджери Лука Монтеземоло менен. "Формула-1" Гран-приси, 2000-жыл
Наоми Ferrari командасынын менеджери Лука Монтеземоло менен. Формулы-1 гран приси, 2000-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/17
Наоми Ferrari командасынын менеджери Лука Монтеземоло менен. "Формула-1" Гран-приси, 2000-жыл
© AFP / Sinead LynchКэмпбелл 1999-жылы Matthew Williamson' s көргөзмөсүндө, көшөгө артында
Кэмпбелл 1999-жылы Matthew Williamson' s көргөзмөсүндө, көшөгө артында - Sputnik Кыргызстан
7/17
Кэмпбелл 1999-жылы Matthew Williamson' s көргөзмөсүндө, көшөгө артында
© AP Photo / Victor R. CaivanoСупермодель Рио-де-Жанейродогу "Портела" деп аталган самба мектебинин парадында, 2005-жыл
Супермодель Рио-де-Жанейродону Портела деп аталган самба мектебинин парадында, 2005-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/17
Супермодель Рио-де-Жанейродогу "Портела" деп аталган самба мектебинин парадында, 2005-жыл
© AFP / Anna ZieminskiТүштүк Африка Республикасынын президенти Нельсон Мандела жана Наоми Кэмпбелл Кейптаунда, 1998-жыл
Түштүк Африка республикасынын президенти Нельсон Мандела жана Наоми Кэмпбелл Кейптаунда, 1998-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/17
Түштүк Африка Республикасынын президенти Нельсон Мандела жана Наоми Кэмпбелл Кейптаунда, 1998-жыл
© AP Photo / Adam NadelКерилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди кара кабылан (Black Panther) деп аташкан
Керилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди Кара кабылан (Black Panther) деп аташкан - Sputnik Кыргызстан
10/17
Керилген келбети жана басыгынан улам Наоми Кэмпбеллди кара кабылан (Black Panther) деп аташкан
© AFP / Alberto PizzoliАвстралиялык актриса Николь Кидман жана британиялык модель Наоми Кэмпбелл Канндагы кинофестивалда, 2017-жыл
Австралиялык актриса Николь Кидман жана британиялык модель Наоми Кэмпбелл Канндагы кинофестивалда, 2017-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/17
Австралиялык актриса Николь Кидман жана британиялык модель Наоми Кэмпбелл Канндагы кинофестивалда, 2017-жыл
© AP Photo / Luca BrunoКэмпбелл Миландагы (Италия) Fendi коллекциясынын көргөзмөсүндө, 1997-жыл
Кэмпбелл Миландагы (Италия) Fendi коллекциясынын көргөзмөсүндө, 1997-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/17
Кэмпбелл Миландагы (Италия) Fendi коллекциясынын көргөзмөсүндө, 1997-жыл
© AP Photo / Louis LanzanoНаоми Кэмпбелл башка моделдер менен Нью-Йорктогу Мэдисон-авенюдагы Dolce & Gabbana дүкөнүндө өз карьерасынын 25 жылдыгын белгилеп жаткан учуру, 2010-жыл
Наоми Кэмпбелл башка моделдер менен Нью-Йорктогу Мэдисон-авенюдагы Dolce & Gabbana дүкөнүндө өз карьерасынын 25 жылдыгын белгилеп жаткан учуру, 2010-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/17
Наоми Кэмпбелл башка моделдер менен Нью-Йорктогу Мэдисон-авенюдагы Dolce & Gabbana дүкөнүндө өз карьерасынын 25 жылдыгын белгилеп жаткан учуру, 2010-жыл
© AP Photo / Evan AgostiniКэмпбелл Кызыл мурун күнү Эмпайр-Стейт-Билдинг имаратын кучактап жаткан учуру, 2016-жыл
Кэмпбелл Кызыл мурун күнү Эмпайр-Стейт-Билдинг имаратын кучактап жаткан учуру, 2016-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/17
Кэмпбелл Кызыл мурун күнү Эмпайр-Стейт-Билдинг имаратын кучактап жаткан учуру, 2016-жыл
© AP Photo / Henner FrankenfeldСупермодель Соуэто шаарындагы (Түштүк Африка Республикасы) балдардын онкологиялык Барагванат деп аталган ооруканасындагы бөлүмдөрдүн биринде, 1997-жыл
Супермодель Соуэто шаарындагы (Түштүк Африка республикасы) балдардын онкологиялык Барагванат деп аталган ооруканасындагы бөлүмдөрдүн биринде, 1997-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/17
Супермодель Соуэто шаарындагы (Түштүк Африка Республикасы) балдардын онкологиялык Барагванат деп аталган ооруканасындагы бөлүмдөрдүн биринде, 1997-жыл
© AP Photo / Stephen CherninКэмпбелл Нью-Йорк шаарындагы Victoria's Secret көргөзмөсүндө, 2005-жыл
Кэмпбелл Нью-Йорк шаарындагы Victoria's Secret көргөзмөсүндө, 2005-жыл - Sputnik Кыргызстан
16/17
Кэмпбелл Нью-Йорк шаарындагы Victoria's Secret көргөзмөсүндө, 2005-жыл
© AFP / Stephane De SakutinНаоми Кэмпбелл Париждеги жогорку мода жумалыгында, 2021-жыл
Наоми Кэмпбелл Париждеги жогорку мода жумалыгында, 2021-жыл - Sputnik Кыргызстан
17/17
Наоми Кэмпбелл Париждеги жогорку мода жумалыгында, 2021-жыл
Жаңылыктар түрмөгү
0