34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматова менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...
Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Дүйнө салганына жыл айланды. Акын Зайырбек Ажыматовдун сүрөттөгү элеси
Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
1/12
Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан
2/12
Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
© Фото / из семейного архива АбдиевыхКРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу - Sputnik Кыргызстан
3/12
КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен - Sputnik Кыргызстан
4/12
СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
© Фото / из семейного архива АбдиевыхТөкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан
5/12
Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген - Sputnik Кыргызстан
6/12
Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен - Sputnik Кыргызстан
7/12
III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
© Фото / из семейного архива АбдиевыхАшыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат - Sputnik Кыргызстан
8/12
Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
© Фото / из семейного архива АбдиевыхАк таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган - Sputnik Кыргызстан
9/12
Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
© Фото / из семейного архива АбдиевыхЖубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
10/12
Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн - Sputnik Кыргызстан
11/12
Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон - Sputnik Кыргызстан
12/12
Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0