Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...

Жазылуу
Кечээ, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова оорудан улам 79 жашында каза болду.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду
Мария Айтматова 1942-жылы 13-июлда Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март айылында туулган. Атасы Нурмат Шатиев Кызыл кавалериянын жылкычысы болсо, апасы Гүлсүн Бакинова Жумгалдын башкармасынын кызы эле. Атасы каза болгондон кийин Мария апасы экөө Фрунзе шаарындагы Илимдер академиясынын кызматкерлери жашоочу үйгө көчүп келет. Мария Айтматова апасы, таенеси жана таежеси менен бирге жашаган. Апасынын бир тууганы Гүлжамал Бакинова кыргыз тилинин диалектологиялык картасын негиздеп, жээнинин инсан катары калыптанышында чоң роль ойногон.

Мария Айтматова ВГИКтин кино жана телевидение сценаристи факультетин бүтүрүп, Кинематографисттер союзуна караштуу Кино үйүндө сценарист, рецензент болуп иштеген.

Улуу жазуучунун жубайы менен коштошуу зыйнаты Айтматовдун үй-музейинде өтүп, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон
Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон - Sputnik Кыргызстан
1/11
Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон
© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария Айтматова жазуучунун калемине таандык "Ботогөз булак" фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген
Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык Ботогөз булак фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
2/11
Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык "Ботогөз булак" фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген
© Фото / из семейного архива АйтматовыхАйтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле
Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле - Sputnik Кыргызстан
3/11
Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле
© Фото / из семейного архива АйтматовыхАл "Түркмөнфильм" тарткан "Маңкурт" фильминин сценарийин жазган
Ал Түркмөнфильм тарткан Маңкурт фильминин сценарийин жазган - Sputnik Кыргызстан
4/11
Ал "Түркмөнфильм" тарткан "Маңкурт" фильминин сценарийин жазган
© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария Айтматова улуу жазуучунун "Кылым карытар бир күн" романын өз колу менен терип чыккан
Мария Айтматова улуу жазуучунун Кылым карытар бир күн романын өз колу менен терип чыккан - Sputnik Кыргызстан
5/11
Мария Айтматова улуу жазуучунун "Кылым карытар бир күн" романын өз колу менен терип чыккан
© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...
Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле... - Sputnik Кыргызстан
6/11
Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...
© Фото / из семейного архива АйтматовыхЧыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси
Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси - Sputnik Кыргызстан
7/11
Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси
© Фото / из семейного архива АйтматовыхАйрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт. - Sputnik Кыргызстан
8/11
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.
© Фото / из семейного архива Айтматовых"Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз", — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.
Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз, — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө. - Sputnik Кыргызстан
9/11
"Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз", — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.
© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды
Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
10/11
Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды
© Фото / из семейного архива АйтматовыхКРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган "Таң сыры" аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.
КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган Таң сыры аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген. - Sputnik Кыргызстан
11/11
КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган "Таң сыры" аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.
Жаңылыктар түрмөгү
0