Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги "кыргыз кереметинин" жаралуусуна таасир берген кинокартиналар жөнүндө сөз кылууну улантат. Бул ирет балдарга арналган "Космонавттар көчөсү" фильминдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунан билим алып келген алгачкы кыргыз режиссёрлору өз мекенинде космонавтика тууралуу тасма тартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын арасында сүрөтчү-коюучу Сагынбек Ишенов, оператор Кадыржан Кыдыралиев бар эле. Жаңы эле ЖОЖду бүтүрүп Фрунзеге келген киночулар фильмдин сценарийин Москвага жөнөтөт. Мамлекеттик кинематография комитетинен оң жооп алып, Кыргыз ССРинин борборуна режиссёр Марианна Рошал, оператор Илья Минковецкий атайын келген. Киночулардын көздөгөнүн камерага түшүрүүгө көмөктөшкөндөрдүн катарына кинокартинанын директору болуп Сагын Иманкулов, экинчи режиссёру катары Бекеш Абдылдаев, үн оператору болуп Төлөмүш Океев кошулган.

Актер Кубанычбек Алыбаев Очкарик тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Дүйнөнү түрө кыдырган "Көз айнекчен". Тасмадагы кызыктуу ирмемдер
Юрий Гагариндин 1961-жылы 12-апрелде космоско алгачкылардан болуп учкандан кийин өсүп келе жаткан балдардын көпчүлүгү учкуч, космонавт болууну эңсеген. Мектеп окуучулары ар кайсы жерден эски темир-тезек, казан-аяктарды чогултуп космоско учуп чыгууга, планеталар арасында саякаттоого керектүү учуучу аппараттарды курашкан.

Өспүрүмдөргө арналган "Космонавттар көчөсүндө" Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Төлөмүш Океев, Анара Садыкова, Виктор Колпаков, Даркүл Күйүкова, Калийча Рысмендиева, Шамшы Түмөнбаев, Бакы Өмүралиев, Владимир Смирнов, Күнболот Досумбаев роль жараткан.

Кинокартина "Кыргызфильм" студиясынын алдында апрель айында тартыла баштап, октябрь айында соңуна чыккан. Тасманы кары-жаш дебей миллиондогон адам көрүп, бат эле СССР элдеринин сүймөнчүлүгүнө айланып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө акча түшкөн.

Баса, Sputnik редакциясы 12-апрелге карата космос менен Кыргызстанды байланыштырган 60 факты таап чыккан.

© Sputnik / Александр ФедоровҮйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
1/11
Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар
© Sputnik / Александр ФедоровТегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
2/11
Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш "космонавттын" машыгуу учуру
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
3/11
Жаш "космонавттын" машыгуу учуру
© Sputnik / Александр ФедоровФильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
4/11
Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
© Sputnik / Александр ФедоровСССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
5/11
СССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
© Sputnik / Александр ФедоровЫрдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
6/11
Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
© Sputnik / Александр ФедоровМилиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
7/11
Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
© Sputnik / Александр ФедоровГагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
8/11
Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
© Sputnik / Александр ФедоровКосмонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
9/11
Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш учкучтардын досу Марсик
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
10/11
Жаш учкучтардын досу Марсик
© Sputnik / Александр ФедоровКинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
Космос нашего детства — как снимали Улицу космонавтов - Sputnik Кыргызстан
11/11
Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
Жаңылыктар түрмөгү
0