Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Белгилүү каскадер жана режиссёр Үсөн Кудайбергенов мындан 16 жыл мурун өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Таланттуу инсан көзү тирүү болгондо быйыл 72 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле Фрунзедеги цирктеги чабандестердин ишине аралаша баштап, кийин Москвадагы Кинематография институтунда окуп, 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасында кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Тажрыйба топтогон соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Россия, АКШ, Индиянын фильмдерине актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 29 жашында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктиктен ат менен секирип, дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Ошондой эле кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеп, чет элдик киночулар жана киностудиялар менен тыгыз иштешкен. КРде түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, бир топ жаштарды тарбиялаган.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышып, 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берген.

Тайманбаган таланттуу инсан чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болуп шайланып, дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык кинокартинанын жаралуусуна көмөктөшкөн.

Жеке жашоосунда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болгон. Ал эми экинчи турмушунда өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп, эки уулду тарбиялаган.

Үсөн Кудайбергеновду 2005-жылдагы март окуяларынан кийин белгисиз адамдар өз үйүндө атып өлтүрүп кетишкен. Анда каскадер 55 жаштын чайын ичип аткан.

Кыргыз каскадерлук өнөрүнүн башында турган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды бул жактан окуса болот.

© Sputnik / Александр ФедоровҮсөн Кудайбергенов жаштайынан эле каскадерлук өнөргө кызыгып, кесибинде бир топ жаракаттарды алган
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
1/11
Үсөн Кудайбергенов жаштайынан эле каскадерлук өнөргө кызыгып, кесибинде бир топ жаракаттарды алган
© Фото / Александр Федоров"Чыңгыз хан" тасмасын тартуу маалында чабандестер менен
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
2/11
"Чыңгыз хан" тасмасын тартуу маалында чабандестер менен
© Sputnik / Александр ФедоровАт жалында ойногон каскадер жүздөгөн фильмде тартылган
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
3/11
Ат жалында ойногон каскадер жүздөгөн фильмде тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровДүйнөлүк деңгээлде таанылган актер өзү салган мейманкананын алдында эс алып отурат
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
4/11
Дүйнөлүк деңгээлде таанылган актер өзү салган мейманкананын алдында эс алып отурат
© Фото / Александр ФедоровКудайбергенов ак калпакчан кара кашка ат менен тоодон түшүп келе жаткан учуру
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
5/11
Кудайбергенов ак калпакчан кара кашка ат менен тоодон түшүп келе жаткан учуру
© Sputnik / Александр ФедоровКезектеги тасмада элди башкарган Кудайбергенов. Казакстан, Кордай облусу
Съемки фильма Чингисхан режиссера Кена Эннакина - Sputnik Кыргызстан
6/11
Кезектеги тасмада элди башкарган Кудайбергенов. Казакстан, Кордай облусу
© Sputnik / Александр ФедоровПанкратион федерациясынын президенти борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүнү сыйлоодо
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
7/11
Панкратион федерациясынын президенти борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүнү сыйлоодо
© Sputnik / Александр ФедоровКаскадер 2005-жылдын мартындагы башаламандыкты токтотуу үчүн элдик кошуун түзүп, бир топ мыйзамсыз аракеттерди токтотуп калган
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
8/11
Каскадер 2005-жылдын мартындагы башаламандыкты токтотуу үчүн элдик кошуун түзүп, бир топ мыйзамсыз аракеттерди токтотуп калган
© Sputnik / Александр ФедоровКудайбергенов көптөгөн чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыз каскадерлорунун башында турган
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
9/11
Кудайбергенов көптөгөн чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыз каскадерлорунун башында турган
© Sputnik / Александр ФедоровСолдон оңду көздөй: Үсөн Кудайбергенов, казакстандык белгилүү актер Асаналы Ашымов, түркмөнстандык режиссер Жоджакули Нарлиев келинчеги Мая Аймедова менен
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
10/11
Солдон оңду көздөй: Үсөн Кудайбергенов, казакстандык белгилүү актер Асаналы Ашымов, түркмөнстандык режиссер Жоджакули Нарлиев келинчеги Мая Аймедова менен
© Фото / Александр ФедоровДүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү актер 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан
Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
11/11
Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү актер 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан
Жаңылыктар түрмөгү
0