Дүйнөнү түрө кыдырган "Көз айнекчен". Тасмадагы кызыктуу ирмемдер

Жазылуу
Быйыл "кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири Альгимантас Видугирис көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночу жараткан "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Советтик белгилүү режиссёр, оператор Альгимантас Видугирис 1972-жылы "Кыргызтелефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган кыска метраждуу фильм тарткан. Анын оператору Константин Орозалиев, композитору Шандор Каллош болуп, мектеп курагындагы Кубанычбек Алыбаев, Бермет Маликова, Олег Каркавцев, Андрей Сопуев, Андрей Губанов, Элмира Илипаева роль жараткан. Алар менен кошо Советбек Жумадылов, Маргарита Киватская жана Фрунзе шаарынын 5-кичи районунун жашоочулары да катышкан. Ага чейин даректүү фильм тартып келген кинематографист кичинекей балдар үчүн тасма жаратуу алдында борбор калаадагы мектептерди кыдырып, ылайыктуу каармандарды издеген.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
Аталган кинокартинада кичинекей балдардын ички дүйнөсү, көз карашы, ой жүгүртүүсү, алардын айлана-чөйрөгө жана адамдарга жасаган мамилеси чеберлик менен көрсөтүлгөн. Сюжет боюнча Фрунзе шаарында ата-энеси менен жашаган көз айнекчен жоош Кубанычбекти өзү курактуу балдар теңсинбей кемсинтип жүрүшөт. Теңтуштарына толук аралаша албаган окуучу өзүнүн кыялдар дүйнөсүндө күчтүү, тайманбас болуп жашап, Бермет деген кичинекей кызды жактырат. Бир жолу ал жайкы каникулда айылга барып ат минип, дараметин, күчүн ошол жактан сынаганга жетишет. Кыялкеч баланы элеттик турмуш көп нерсеге үйрөтүп, кайраттуу, тайманбас болгонго жетелеген. Режиссёр негизинен башкы каармандын мектепте, көчөдө, айылда болгон кызыктуу окуяларына басым жасаган.

Тасманын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда тартылган. Кинофильмди көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, 1973-жылы V Бүткүл союздук кинофестивалда дипломго татыган. Эки жылдан соң "Эң мыкты балдар тасмасы үчүн" Ардак грамотасын жана "Алая гвоздика" сыйлыгын алган. Эң негизгиси, Альгимантас Видугиристин бул эмгеги дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлүп, СССРге бир топ киреше, атак-даңк алып келген.

 

© Александр ФедоровТасмада башкы ролду он жаштагы Кубанычбек Алыбаев аткарган
Тасмада башкы ролду он жаштагы Кубанычбек Алыбаев аткарган - Sputnik Кыргызстан
1/11
Тасмада башкы ролду он жаштагы Кубанычбек Алыбаев аткарган
© Sputnik / Александр ФедоровБаёо Кубанычбек лупа менен көп кабаттуу үйдүн короосундагы курт-кумурскаларды изилдеп жүрөт, четте басып жүргөн режиссёр Видугирис
Баёо Кубанычбек лупа менен көп кабаттуу үйдүн короосундагы курт-кумурскаларды изилдеп жүрөт, четте басып жүргөн режиссер Видугирис - Sputnik Кыргызстан
2/11
Баёо Кубанычбек лупа менен көп кабаттуу үйдүн короосундагы курт-кумурскаларды изилдеп жүрөт, четте басып жүргөн режиссёр Видугирис
© Александр ФедоровКийин белгилүү журналист болгон Бермет Маликова кичинекей кыздын образын жараткан
Кийин белгилүү журналист болгон Бермет Маликова кичинекей кыздын образын жараткан - Sputnik Кыргызстан
3/11
Кийин белгилүү журналист болгон Бермет Маликова кичинекей кыздын образын жараткан
© Sputnik / Александр ФедоровКичинекейлер менен кызуу иштеп жаткан киночулар
Кичинекейлер менен кызуу иштеп жаткан киночулар - Sputnik Кыргызстан
4/11
Кичинекейлер менен кызуу иштеп жаткан киночулар
© Александр ФедоровБалдарга арналган кыска метраждуу тасманы көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алган. Ал фильм азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде
Балдарга арналган кыска метраждуу тасманы көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алган. Ал фильм азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде. - Sputnik Кыргызстан
5/11
Балдарга арналган кыска метраждуу тасманы көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алган. Ал фильм азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде
© Александр ФедоровКинофильмдин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда тартылган
Кинофильмдин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан
6/11
Кинофильмдин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда тартылган
© Александр ФедоровТасманын директору Петр Елеференко жана режиссёр Альгимантас Видугирис башкы каармандар менен
Тасманын директору Петр Елеференко жана режиссер Альгимантас Видугирис башкы каармандар менен - Sputnik Кыргызстан
7/11
Тасманын директору Петр Елеференко жана режиссёр Альгимантас Видугирис башкы каармандар менен
© Александр Федоров"Кыргызтелефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган фильм 1972-жылы кыска убакытта эле тартылган
Кыргызтелефильмдин алдында өспүрүмдөргө арналган фильм 1972-жылы кыска убакытта эле тартылган - Sputnik Кыргызстан
8/11
"Кыргызтелефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган фильм 1972-жылы кыска убакытта эле тартылган
© Sputnik / Александр Федоров"Көз айнекчендин" эпизоддору режиссёрдун борбор калаадагы батиринде камерага түшүрүлгөн
Көз айнекчендин эпизоддору режиссердун борбор калаадагы батиринде камерага түшүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
9/11
"Көз айнекчендин" эпизоддору режиссёрдун борбор калаадагы батиринде камерага түшүрүлгөн
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы ролдогу Кубанычбек кийин мугалимдикти аркалап, энергетика тармагында эмгектенип келет
Башкы ролдогу Кубанычбек кийин мугалимдикти аркалап энергетика тармагында эмгектенип келет - Sputnik Кыргызстан
10/11
Башкы ролдогу Кубанычбек кийин мугалимдикти аркалап, энергетика тармагында эмгектенип келет
© Александр ФедоровФотографтын алдында шоктонгон кичинекей Кубанычбек Алыбаев
Фотографтын алдында шоктонгон кичинекей Кубанычбек Алыбаев - Sputnik Кыргызстан
11/11
Фотографтын алдында шоктонгон кичинекей Кубанычбек Алыбаев
Жаңылыктар түрмөгү
0