Грация жана сексуалдуулук. Көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнө чемпионатынан 15 сүрөт

Жазылуу
Көркөмдөп муз тебүү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында эң эсте калган костюмдар боюнча Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарында кызыктуу спорттордун бири, көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Чемпионат Кыргызстана по художественной гимнастике в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2019
Буларда сөөк барбы? Көркөм гимнастика боюнча чемпионаттан 15 сүрөт
110-юбилейлик чемпионат 22-мартта башталып, 28ине чейин созулду. Эркектер жана кыз-келиндер жекелик түрдө, жуп-жуп болуп жана муз үстүндө бийлөө боюнча таймашышты.

Жекелик жарышта россиялык Анна Щербакова, Елизавета Туктамышева жана Александра Трусова тарыхта алгачкы ирет сыйлык берилүүчү орундардын баарын ээлешип, жаңы рекорд жаратышты.

Мелдештин катышуучулары калыстар менен көрүүчүлөрдү өзгөчө техникалары, артисттик чеберчилиги, ошондой эле эсте каларлык кооз костюмдары менен таң калтырууга аракеттенет.

Көркөмдөп муз тебүү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында эң эсте калган костюмдар боюнча Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

© REUTERS / Anders Wiklund/TTФранциялык фигуристка Клео Хамон жана анын теги украиналык шериги Денис Стрекалин Стокгольмда дүйнө чемпионатына катышууда. Жуптар Франциянын эки жолку чемпиону болуп саналат
Французские спортсмены Клео Хамон и Денис Стрекалин на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
1/15
Франциялык фигуристка Клео Хамон жана анын теги украиналык шериги Денис Стрекалин Стокгольмда дүйнө чемпионатына катышууда. Жуптар Франциянын эки жолку чемпиону болуп саналат
© AP Photo / Martin MeissnerБеларустук спортчу Константин Милюков кыска программада 16-орунга жетти. Бул көрсөткүч менен ал Токио Олимпиадасына жолдомо алды
Белорусский фигурист Константин Милюков на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
2/15
Беларустук спортчу Константин Милюков кыска программада 16-орунга жетти. Бул көрсөткүч менен ал Токио Олимпиадасына жолдомо алды
© AP Photo / Martin MeissnerИталиялык фигуристтер Николь Делла Моника менен Маттео Гуарисе дүйнө биринчилигинде өнөр тартуулап жатышат. Алар Италиянын 2016-2018-жылдардагы чемпиондору болуп саналат
Итальянские фигуристы Николь Делла Моника и Маттео Гуарисе на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
3/15
Италиялык фигуристтер Николь Делла Моника менен Маттео Гуарисе дүйнө биринчилигинде өнөр тартуулап жатышат. Алар Италиянын 2016-2018-жылдардагы чемпиондору болуп саналат
© AP Photo / Martin Meissner"Спортчулар жупу" категориясында италиялыктар 186,5 балл алышып, сегизинчи орунга жайгашты
Итальянские спортсмены Николь Делла Моника и Маттео Гуаризе на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
4/15
"Спортчулар жупу" категориясында италиялыктар 186,5 балл алышып, сегизинчи орунга жайгашты
© AP Photo / Martin MeissnerАмерикалык муз тебүү чебери Брэди Теннелл 2018-жылдагы Олимпиада оюндарында (командалык жарышта) коло байге уткан. Быйылкы дүйнө чемпионатында сегизинчиде калды
Американская фигуристка Брэди Теннелл на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
5/15
Америкалык муз тебүү чебери Брэди Теннелл 2018-жылдагы Олимпиада оюндарында (командалык жарышта) коло байге уткан. Быйылкы дүйнө чемпионатында сегизинчиде калды
© Sputnik / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүСүрөттө эки жолку (2014-жыл, 2018-жыл) Олимпиада чемпиону (жекелик жарышта), япон спортчусу Юдзуру Ханю. Ал эки жолу дүйнө чемпиону да болгон
Японский спортсмен Юдзуру Ханю на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
6/15
Сүрөттө эки жолку (2014-жыл, 2018-жыл) Олимпиада чемпиону (жекелик жарышта), япон спортчусу Юдзуру Ханю. Ал эки жолу дүйнө чемпиону да болгон
© REUTERS / Pontus Lundahl/TT News Agency19 жаштагы россиялык спортчу кыз Александра Трусова Стокгольм чемпионатында коло байге утту. Аны мурда Этери Туберидзе машыктырса, азыр ал Евгения Плющенконун колунда машыгууда
Российская спортсменка Александра Трусова на чемпионате мира по фигурному катанию - Sputnik Кыргызстан
7/15
19 жаштагы россиялык спортчу кыз Александра Трусова Стокгольм чемпионатында коло байге утту. Аны мурда Этери Туберидзе машыктырса, азыр ал Евгения Плющенконун колунда машыгууда
© AP Photo / Martin MeissnerРоссиялык муз тебүүнүн чеберлери Анастасия Мишина менен Александр Галлямов дүйнө чемпионатынын алтын байгесин жеңип алышты
Российские спортсмены Анастасия Мишина и Александр Галлямов на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
8/15
Россиялык муз тебүүнүн чеберлери Анастасия Мишина менен Александр Галлямов дүйнө чемпионатынын алтын байгесин жеңип алышты
© AP Photo / Martin MeissnerМурдагы шериктеринен ажыраган америкалык спортчулар Алекса Книрим менен Брэндон Фрейзер экөө өткөн жылдан бери чогуу катыша башташкан
Американские спортсмены Алекса Книрим и Брэндон Фрейзер на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
9/15
Мурдагы шериктеринен ажыраган америкалык спортчулар Алекса Книрим менен Брэндон Фрейзер экөө өткөн жылдан бери чогуу катыша башташкан
© Sputnik / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүРоссиялык спортчулар Александра Бойкова менен Дмитрий Козловский Стокгольмдун музунда өнөрлөрүн тартуулап жаткан чагы. Бул жуп байгелүү үчүнчү орунду ээлешкен
Российские спортсмены Александра Бойкова и Дмитрий Козловский на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
10/15
Россиялык спортчулар Александра Бойкова менен Дмитрий Козловский Стокгольмдун музунда өнөрлөрүн тартуулап жаткан чагы. Бул жуп байгелүү үчүнчү орунду ээлешкен
© AP Photo / Martin MeissnerКытайлык спорттук жуптар Вэньцзин Суй жана Цун Хан кыска программаларын тартуулап жатышат. Спортчулар мелдеште күмүш медаль тагынышты
Китайская спортивная пара Вэньцзин Суй и Цун Хан выступают в короткой программе на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме, Швеция - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кытайлык спорттук жуптар Вэньцзин Суй жана Цун Хан кыска программаларын тартуулап жатышат. Спортчулар мелдеште күмүш медаль тагынышты
© Sputnik / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүЯпон фигурист кызы Рика Кихира кыска программаны аткарып жатат. Катышуучулар калыстар менен көрүүчүлөрдү өзгөчө техникалары, артисттик чеберчилиги, ошондой эле эсте каларлык кооз костюмдары менен таң калтырууга аракеттеништи
Японская фигуристка Рика Кихира выступает с короткой программой на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
12/15
Япон фигурист кызы Рика Кихира кыска программаны аткарып жатат. Катышуучулар калыстар менен көрүүчүлөрдү өзгөчө техникалары, артисттик чеберчилиги, ошондой эле эсте каларлык кооз костюмдары менен таң калтырууга аракеттеништи
© AP Photo / Martin MeissnerНемец фигуристтери Анника Хокке менен Роберт Кункель эркин программанын элементтерин аткарып жаткан учуру
Немецкие фигуристы Анника Хокке и Роберт Кункель выступают в произвольной программе на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме, Швеция - Sputnik Кыргызстан
13/15
Немец фигуристтери Анника Хокке менен Роберт Кункель эркин программанын элементтерин аткарып жаткан учуру
© Sputnik / Alexander Vilf / Медиабанкка өтүүЕлизавета Туктамышева алты жылдык тыныгуудан соң дүйнө чемпионатында кыска программа аткарып жатат. Спортчу экинчи орунду ээлеп, 47 миң доллар акчалай байге утту
Елизавета Туктамышева выступает с короткой программой на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
14/15
Елизавета Туктамышева алты жылдык тыныгуудан соң дүйнө чемпионатында кыска программа аткарып жатат. Спортчу экинчи орунду ээлеп, 47 миң доллар акчалай байге утту
© REUTERS / Anders Wiklund / TT News AgencyЯпониялык фигуристтер Рику Миура жана Рюичи Кихар дүйнө чемпионатында кыска программа менен чыккан учуру. Миура менен Кихара жуптук бийлөө боюнча Япониянын чемпиону
Японские фигуристы Рику Миура и Рюичи Кихар в короткой программе на чемпионате мира по фигурному катанию в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
15/15
Япониялык фигуристтер Рику Миура жана Рюичи Кихар дүйнө чемпионатында кыска программа менен чыккан учуру. Миура менен Кихара жуптук бийлөө боюнча Япониянын чемпиону
Жаңылыктар түрмөгү
0