Өмүрүн, билимин медицинага арнаган Мирсаид Миррахимов. Эл көрө элек сүрөттөр

Жазылуу
Бүгүн Социалисттик эмгектин баатыры, КРдин Улуттук илимдер академиясынын жана РФтин Медицина илимдери академиясынын академиги, белгилүү кардиолог Мирсаид Миррахимовдун туулган күнү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан дарыгерди эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында белгилүү музыканттын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1948-жылы артыкчылык менен аяктап, 1952-жылы ординатураны бүтүрүп эмгек жолун катардагы ассистенттен баштап, жогорку окуу жайдын проректору болгонго чейин жетишкен.

Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Кошуна аял эмизип... Кыргыз кардиологиясынын атасы Миррахимов жөнүндө 9 факты
Кийинки жылдары илимий изилдөө иштери менен жигердүү алектенип, медицина илимдеринин доктору даражасын алып, профессор СССРдин медициналык илимдер академиясынын мүчөсү болот. Андан соң Нью-Йорк академиясынын мүчөсү, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун ардактуу директору болгонго жетишет.

Окумуштуу Миррахимов клиникалык физиолог, өлкөдөгү саламаттык сактоонун мыкты уюштуруучусу, чет мамлекеттерде көрүнүктүү коомдук ишмер катары таанылган.

Миррахимов Кыргызстанда кардиологиялык кызматты түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн демилгечиси. Анын аракеттери менен 1980-жылдары жүрөк ооруларынан каза болгондордун саны 15 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле ал негиздеген жана жетектеген Кардиология илим изилдөө институту кыска убакыттын ичинде заманбап медициналык шаймандар менен жабдылып, сапаттуу билим берүүчү илимий-практикалык комплекске айланган. Ал мекеме азыркыга чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Окумуштуу 700дөн ашык илимий эмгектин, 35 монография, 500гө жакын илимий макала жана 19 ойлоп табуунун автору. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2008-жылы 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваМиррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон
Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон - Sputnik Кыргызстан
1/13
Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон
© Фото / архивный фонд Мирсаида МиррахимоваФрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи)
Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи) - Sputnik Кыргызстан
2/13
Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи)
© Фото / архивный фонд Мирсаида МиррахимоваМиррахимовдордун үй-бүлөсү тамактанып жаткан учур, 1950-жыл
90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова  - Sputnik Кыргызстан
3/13
Миррахимовдордун үй-бүлөсү тамактанып жаткан учур, 1950-жыл
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваОкумуштуу шахматты жакшы ойногон жана каршылашын жеңмейинче жаны жай алчу эмес
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
4/13
Окумуштуу шахматты жакшы ойногон жана каршылашын жеңмейинче жаны жай алчу эмес
© Фото / архивный фонд Мирсаида МиррахимоваМедицина илимдеринин доктору байбичеси жана уул-кыздары менен
90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова  - Sputnik Кыргызстан
5/13
Медицина илимдеринин доктору байбичеси жана уул-кыздары менен
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваЧыгаан дарыгер бейтаптын саламатчылыгын текшерүү маалында шакирттери менен
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
6/13
Чыгаан дарыгер бейтаптын саламатчылыгын текшерүү маалында шакирттери менен
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүОкумуштуу Фрунзе шаарындагы илимий изилдөө борборунда, 1985-жыл
Руководитель института член-корреспондент Академии медицинских наук СССР, академик Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
7/13
Окумуштуу Фрунзе шаарындагы илимий изилдөө борборунда, 1985-жыл
© Фото / архивный фонд Мирсаида Миррахимова"Висцериалдык физиология системалар жана адаптация процесси" семинарынын катышуучулары. 1979-жыл, Чолпон-Ата
90-летие доктора медицинских наук, профессора Мирсаида Миррахимова - Sputnik Кыргызстан
8/13
"Висцериалдык физиология системалар жана адаптация процесси" семинарынын катышуучулары. 1979-жыл, Чолпон-Ата
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваАкадемик Миррахимов эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чараларга көп барчу. Алардын биринде кесиптештери менен
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
9/13
Академик Миррахимов эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чараларга көп барчу. Алардын биринде кесиптештери менен
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваСоциалисттик эмгектин баатыры, белгилүү кардиолог жаш дарыгерлердин курчоосунда
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
10/13
Социалисттик эмгектин баатыры, белгилүү кардиолог жаш дарыгерлердин курчоосунда
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваМиррахимов кардиологдордун бүткүл дүйнөлүк конгрессинде кесиптештери менен
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
11/13
Миррахимов кардиологдордун бүткүл дүйнөлүк конгрессинде кесиптештери менен
© Фото / Архивный фонд Мирсаида Миррахимова I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси жубайы Неля Юсупова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап, өмүрүнүн аягына чейин бирге түтүн булаткан
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
12/13
I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси жубайы Неля Юсупова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап, өмүрүнүн аягына чейин бирге түтүн булаткан
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваКРдин Улуттук илимдер академиясынын жана РФтин Медицина илимдери академиясынын академиги 2008-жылы 81 жаш курагында каза болгон
Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
13/13
КРдин Улуттук илимдер академиясынын жана РФтин Медицина илимдери академиясынын академиги 2008-жылы 81 жаш курагында каза болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0