Апта ирмеми: асманга атылган жанар тоодон уурдалган окуучуларга чейин

Жазылуу
Жашоо дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түрдүү окуялар менен коштолуп жатат. Кээ бир аймактарда нааразычылык акциялар өтүп жатса, айрым өлкөлөрдө балдар уурдалууда. Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Суматра (Индонезия) аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ереванда (Армения) премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын нааразычылык акциясы өттү.

Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө
Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси асманга учту. Ал Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык "Арктика-М" космостук аппараты менен кошо учурулган.

Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер мектепке кол салышып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кийинчерээк балдар куткарылды.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагы менен парашюттан секирүү боюнча машыгуусу өттү.

Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер Усман Сонко камакка алынгандан кийин өлкөнүн Дакар жана башка шаарларында массалык митингдер өтүп, имараттарды өрттөө жана мародерлук менен коштолду.

Италияда салттуу Милан мода жумалыгы өттү.

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак болду. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап мелдешти.

 

© REUTERS / ANTARA FOTOИндонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/18
Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
© AFP / PUNIT PARANJPEМумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/18
Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү - Sputnik Кыргызстан
3/18
Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
© REUTERS / KAI PFAFFENBACHШвециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат - Sputnik Кыргызстан
4/18
Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
© REUTERS / AFOLABI SOTUNDEНигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет - Sputnik Кыргызстан
5/18
Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
© AFP / PAU BARRENAИспаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз - Sputnik Кыргызстан
6/18
Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду - Sputnik Кыргызстан
7/18
2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
© REUTERS / MARIA ALEJANDRA CARDONAАКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат - Sputnik Кыргызстан
8/18
АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
© REUTERS / MONICAH MWANGIНайробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат - Sputnik Кыргызстан
9/18
Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
© AP Photo / Leo CorreaСенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду - Sputnik Кыргызстан
10/18
Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
© AP Photo / Kiichiro SatoЯпониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат - Sputnik Кыргызстан
11/18
Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
© AP Photo / Daniel ColeМарселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
12/18
Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүүЕревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу - Sputnik Кыргызстан
13/18
Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
© REUTERS / VALENTINOМиландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
14/18
Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз - Sputnik Кыргызстан
15/18
Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
© Sputnik / Табылды Кадырбеков6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү - Sputnik Кыргызстан
16/18
6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
© Фото / пресс-служба Роскосмоса / Медиабанкка өтүүКазакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси "Арктика-М" аппараты менен кошо асманга учурулду. "Арктика-М" бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
Казакстандагы Байконур космодромунан Союз-2.1б космос кемеси Арктика-М аппараты менен кошо асманга учурулду. Арктика-М бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
17/18
Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси "Арктика-М" аппараты менен кошо асманга учурулду. "Арктика-М" бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
© AP Photo / Robert F. BukatyАКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши - Sputnik Кыргызстан
18/18
АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
Жаңылыктар түрмөгү
0