3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк

Жазылуу
Кыргызстандык аскер кызматкерлери парашюттан секирип машыгышты. Десанттардын миңдеген метр бийиктиктен секирген кадрларын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.

"Ан-26 учагынан секирип, окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.

Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.

Командно-штабные учения в учебном центре Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2020
Өзгөчө абал режимине аскерлер кантип камданат. Сүрөттөгү ирмемдер
"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.

Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Пантера атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары - Sputnik Кыргызстан
1/16
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
© Sputnik / Табылды КадырбековСекирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт - Sputnik Кыргызстан
2/16
Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
© Sputnik / Табылды КадырбековЖоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты - Sputnik Кыргызстан
3/16
Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
© Sputnik / Табылды КадырбековМашыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду - Sputnik Кыргызстан
4/16
Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү - Sputnik Кыргызстан
5/16
Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековБуга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты
Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолеттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолеттон секирүүнү үйрөнө башташты - Sputnik Кыргызстан
6/16
Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты
© Sputnik / Табылды КадырбековСамолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
Самолет менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот - Sputnik Кыргызстан
7/16
Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл
Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
8/16
Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
Пантера атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат - Sputnik Кыргызстан
9/16
"Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
© Sputnik / Табылды КадырбековИнструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат - Sputnik Кыргызстан
10/16
Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековПарашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды - Sputnik Кыргызстан
11/16
Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
Пантера атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
12/16
"Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту - Sputnik Кыргызстан
13/16
Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
© Sputnik / Табылды КадырбековМыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок - Sputnik Кыргызстан
14/16
Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
© Sputnik / Табылды КадырбековОкуу-машыгууда парашюттан секирген десант
Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант - Sputnik Кыргызстан
15/16
Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
© Sputnik / Табылды КадырбековСекирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат - Sputnik Кыргызстан
16/16
Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0