14:56 03 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Сүрөт

Чубак ажынын сейрек сүрөттөрү. Күлгүн жаштык, атактуулук, шум ажал

Кыскача шилтеме алуу
2456631
  • Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак
  • Ал 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында математик менен англис тилчинин үй-бүлөсүндө туулган
  • Чубак ажы мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн
  • Кычырап костюм-шым кийип... Күлгүндөй жаштык кез
  • Чубак ажы Кыргызстандагы Ислам университетинде, андан кийин Сауд Аравиядагы Умм ал-Кур университетинде билим алган
  • Иш тажрыйбасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берүү менен баштаган
  • Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Сүрөттө дагы бир дин аалымы Абдышүкүр Нарматов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен
  • Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле
  • Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу
  • Чубак ажынын акыл-насаатын укканы мечиттерге жүздөгөн киши чогулчу
  • Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары Ош шаарындагы диний китеп дүкөндөргө барган кези
  • Таласка иш сапары менен барганда 90го таяган дин аалымы Сагыналы молдону зыярат кылып, ден соолугунан кабар алып жаткан маалы
  • Жолугушууга келгендерди жылуу кабыл алып, таасирдүү сөзү менен узатканын эскеришет
  • Эки аалым. Чубак ажы үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов менен
  • Атактуу дин аалымы былтыр пандемиянын курмандыгы болду... Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу экени талашсыз
  • Чубак ажынын сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилген. Бул анын кабыры
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак

Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак. Ал былтыр пандемиянын курмандыгы болду.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чубак ажынын сүрөттөрүн топтоду.

Мурдагы муфтий былтыр 11-июль күнү эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан көз жумган.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Чубак ажы 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти катары эмгектенген. Ал эми 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Андан Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары эл кыдырып, насаатын айтып жүрдү. Ошондой эле окуу жайларда мугалимдикти аркалаган.

Тема боюнча

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү
Белгилер:
эскерүү, аалым, дин, Чубак ажы Жалилов, Жалал-Абад, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ