Балача кубанып, ат үстүнөн көз салып. Рыспай Абдыкадыровдун эл көрө элек 17 сүрөтү

Жазылуу
Бүгүн таланттуу композитор жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Кыргыз коомчулугу бул күндөрү анын 80 жылдык юбилейин белгилеп жатат.

Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Анын ырлары өзүнүн көзү өтүп кеткенден кийин экинчи өмүргө ээ болду. Азыр Кыргызстандын булуң-бурчунда кыягын кучактап, "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде" сыяктуу бир топ ырларын аткарып жүргөн таланттар арбын.

Обончу эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрынан баштап, кийин Жалал-Абад, Өзгөн элдик театрларында эмгектенген. Андан соң борбор калаадагы филармонияда иштеп, Ош шаарындагы маданият үйүн дагы жетектеп калган. 1970-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Ош мамлекеттик институтунда мугалимдикти аркалады. Бул убакыт аралыгында ал көп жаштарга жол көрсөтүп, устат болгон. Шакирттеринин арасында Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов, Исмаил Бакиров, Абидин Темиров жана КРдин Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов өңдүү белгилүү аткаруучулар бар. Азыр дагы кыргыз музыка өнөрүнүн айдыңында жүргөндөр аны устат тутарын айтып келишет.

Таланттуу композитор жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасынын сөөгү табылбай калган. Рыспай Абдыкадыров жөнүндө 6 факты
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштан кийинки жылдарга туш келип, апасынын колунда өскөн. Анткени атасы советтик бийлик тарабынан репрессияланып, кийин сөөгү да табылбай калган. Жаш талант кичине кезинде эле аккордеон чертип элдин эрмеги эле. Элеттеги мектептен билим алган соң Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1963-жылы аяктаган.

Өзүнүн чыгармачылыгында Абдыкадыров ошол кездеги бийлик тарабынан бут тосууларга дуушар болуп, бир нече жыл сахнага чыга албай, жумуштан да айдалып кеткен. Бирок ага карабай эл арасындагы кадыр-баркы өзгөчө эле. Аймактарда жүргөндө аны жергиликтүү тургундар кезекке туруп сыйлашчу деп эскерет замандаштары. Композитор партиялык бийликти, колхоз-совхозду мактаган бир да чыгарма жазган эмес. Анын обондорунун басымдуу бөлүгү сүйүү, махабат, арзуу жөнүндө болгон.

© Фото / ЦГА КФФД КРРыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
1/17
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваОңдон биринчи Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, ал эми үчүнчү болуп турган Рыспай Абдыкадыров
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
2/17
Оңдон биринчи Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, ал эми үчүнчү болуп турган Рыспай Абдыкадыров
© Фото / ЦГА КФФД КРАзыр Кыргызстандын булуң-бурчунда кыягын кучактап, Рыспай Абдыкадыровдун "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде" сыяктуу бир топ ырларын аткарып жүргөн таланттар арбын
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
3/17
Азыр Кыргызстандын булуң-бурчунда кыягын кучактап, Рыспай Абдыкадыровдун "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде" сыяктуу бир топ ырларын аткарып жүргөн таланттар арбын
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваСолдон оңго: обончу Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыровдун жубайы Давлет Сманова жана обончунун өзү
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
4/17
Солдон оңго: обончу Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыровдун жубайы Давлет Сманова жана обончунун өзү
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваСуу боюндагы бир ирмем. Рыспай Абдыкадыров кызы менен
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
5/17
Суу боюндагы бир ирмем. Рыспай Абдыкадыров кызы менен
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваКүлгүн курак. Бул адамдын чыгармаларын билбеген кыргыз баласы жоктур
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
6/17
Күлгүн курак. Бул адамдын чыгармаларын билбеген кыргыз баласы жоктур
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваТаланттуу эки обончу. Түгөлбай Казаков жана Рыспай Абдыкадыров
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
7/17
Таланттуу эки обончу. Түгөлбай Казаков жана Рыспай Абдыкадыров
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваСулайман-Тоо жана тоодой талант Рыспай Абдыкадыров
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
8/17
Сулайман-Тоо жана тоодой талант Рыспай Абдыкадыров
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваЖакындары Рыспай Абдыкадыровдун баладай баёо жана ишенчээк адам болгондугун айтышат
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
9/17
Жакындары Рыспай Абдыкадыровдун баладай баёо жана ишенчээк адам болгондугун айтышат
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваҮч талант. Музыка адамдары. Обончулар Атайбек Бөдөшов менен Рыспай Абдыкадыров, композитор Каныкей Эралиева
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
10/17
Үч талант. Музыка адамдары. Обончулар Атайбек Бөдөшов менен Рыспай Абдыкадыров, композитор Каныкей Эралиева
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваТаза, ашыкча ишенчээк, өтө сезимтал... Рыспай Абдыкадыровду жакындан билгендер ушинтип сыпатташат
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
11/17
Таза, ашыкча ишенчээк, өтө сезимтал... Рыспай Абдыкадыровду жакындан билгендер ушинтип сыпатташат
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваБул үч адам өзгөчө жакын, өзгөчө сырдаш болгон. Оңдон биринчи – досу, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын изилдеп келген журналист Бөкөнбай Боркеев, экинчи турган – обончунун жубайы Давлет, үчүнчүсү биз сөз кылып жаткан Абдыкадыров
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
12/17
Бул үч адам өзгөчө жакын, өзгөчө сырдаш болгон. Оңдон биринчи – досу, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын изилдеп келген журналист Бөкөнбай Боркеев, экинчи турган – обончунун жубайы Давлет, үчүнчүсү биз сөз кылып жаткан Абдыкадыров
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваАт үстүндө алыска көз салып...
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
13/17
Ат үстүндө алыска көз салып...
© Фото / ЦГА КФФД КРРыспай Абдыкадыров акын Сооронбай Жусуевдин "Айтсаң боло", "Ак кайың" аттуу ырларына обон чыгарган
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
14/17
Рыспай Абдыкадыров акын Сооронбай Жусуевдин "Айтсаң боло", "Ак кайың" аттуу ырларына обон чыгарган
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваРыспай Абдыкадыров 50 жашта (1991-жыл). Кара-Кулжа районунда обончунун юбилейине арналган иш-чарадан бир ирмем
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
15/17
Рыспай Абдыкадыров 50 жашта (1991-жыл). Кара-Кулжа районунда обончунун юбилейине арналган иш-чарадан бир ирмем
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваОңдон солго: акындар Сүйөркул Тургунбаев, Рамис Рыскулов, Меңди Мамазаирова, ортодо бактын фонунда Рыспай Абдыкадыров, публицист Алым Токтомушев менен журналист Бөкөнбай Боркеев
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
16/17
Оңдон солго: акындар Сүйөркул Тургунбаев, Рамис Рыскулов, Меңди Мамазаирова, ортодо бактын фонунда Рыспай Абдыкадыров, публицист Алым Токтомушев менен журналист Бөкөнбай Боркеев
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваРыспай Абдыкадыров 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Сөөгү өзүнүн керээзи менен Сулайман-Тоого коюлган.
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
17/17
Рыспай Абдыкадыров 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Сөөгү өзүнүн керээзи менен Сулайман-Тоого коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0