Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты тасмалар жөнүндө баян кылып, анда сейрек кездешкен ирмемдерди сунуштайт.

Бул ирет белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде тарткан "Акбаранын көз жашы" фильмине кайрылдык.

Кинокартина негизинен Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында тартылып, анын сценарийин Дооронбек Садырбаев жазып, операторлук кызматты Евгений Барышников менен Айбек Жангазиев аткарган.

Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. Тайгак кечүүдөгү ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер
Фильмде адам, жаратылыш, жапайы жаныбарлар бири-бири менен тыгыз байланышканын, эгер жер бетинде жашагандар айлана-чөйрөгө, аны байырлаган жандыктарга аяр мамиле кылбаса, аягы каргаша менен бүтө тургандыгы баяндалат. Киночулар ал маселени ачып берүү үчүн жайлоодо мал баккан Бостон менен Базарбайдын жашоо-турмушун, ортодогу мамилесин жана жашоого болгон көз караштарын ортого салган. Кинофильмде колдонулган Акбара жана Ташчайнар деп аталган эки карышкырды атайын Россиядан алып келишип, кичинекей баланын ролун аткара турган бир жарым жаштагы чүрпөнү узак убакыт издешкен.

Кинокартинада Советбек Жумадылов, Рахиля Машурова, Жамал Сейдакматова, Дүйшөн Байдөбөтов, Арсен Өмүралиев, Назира Мамбетова, Альгимантас Видугирис, Бусурман Одуракаев, Турсун Уралиев өз ролдорун ийине жеткире аткарган.

Дооронбек Садырбаевдин эмгеги Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына карата тартылып, ага жарым жылдай убакыт жана 300 миң рублге чукул каражат кеткен. Кийин Ош, Фрунзе, Москвадагы кинотеатрларда көрсөтүлүп, залда бош орун калган эмес дешет.

 

 

© Sputnik / Александр ФедоровФильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген
Фильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген - Sputnik Кыргызстан
1/11
Фильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова)
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова) - Sputnik Кыргызстан
2/11
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова)
© Sputnik / Александр ФедоровАлайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар
Алайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан
3/11
Алайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровСоветбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру
Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру - Sputnik Кыргызстан
4/11
Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру
© Sputnik / Александр Федоров"Акбаранын көз жашында" бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай
Акбаранын көз жашында бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай - Sputnik Кыргызстан
5/11
"Акбаранын көз жашында" бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай
© Sputnik / Александр ФедоровКамерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон
Камерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон - Sputnik Кыргызстан
6/11
Камерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон
Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев
Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
7/11
Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев
© Sputnik / Александр ФедоровМамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон
Мамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон - Sputnik Кыргызстан
8/11
Мамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон
© Sputnik / Александр ФедоровФильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган
Фильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган - Sputnik Кыргызстан
9/11
Фильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровБостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде
Бостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде - Sputnik Кыргызстан
10/11
Бостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде
© Фото / Александр ФедоровКиши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги
Киши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги - Sputnik Кыргызстан
11/11
Киши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги
Жаңылыктар түрмөгү
0