Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан

Жазылуу
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү совет элинин тынч жашоосун бузган. Бул согушка кыргызстандыктар жашына, улутуна жана даражасына карабастан кан майданга аттанышты.

Колумнист Алмаз Батилов кыргызстандыктар Жеңиш үчүн кандай салым кошкону тууралуу Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофонофотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасаган.

© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Евгений ХалдейАга техник-машыктыруучу самолётту абага учуруп жаткан учуру. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Евгений Халдей.
1933-жылы Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна жардам берчү коомунун (ОСОАВИАХИМ) ичинде пилотторду даярдоочу структура түзүлгөн. 1934-жылы 1-апрелде Фрунзеде коомдун алдында аэроклуб иштей баштаган. Андагы инструкторлордун бири кыргыздын алгачкы учкучу Касым Ормокоев эле, ал Кыргызстандын авиациясын түптөөгө катышкан. 1942-жылы 21-августта Сталинградды коргоодо окко учат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда бул аскердик мектептин жети бүтүрүүчүсү Советтер Союзунун Баатыры болгон.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
1/17
Ага техник-машыктыруучу самолётту абага учуруп жаткан учуру. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Евгений Халдей.
1933-жылы Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна жардам берчү коомунун (ОСОАВИАХИМ) ичинде пилотторду даярдоочу структура түзүлгөн. 1934-жылы 1-апрелде Фрунзеде коомдун алдында аэроклуб иштей баштаган. Андагы инструкторлордун бири кыргыздын алгачкы учкучу Касым Ормокоев эле, ал Кыргызстандын авиациясын түптөөгө катышкан. 1942-жылы 21-августта Сталинградды коргоодо окко учат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда бул аскердик мектептин жети бүтүрүүчүсү Советтер Союзунун Баатыры болгон.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Л. ВильчинскийАтчандар клубунун аскерлери машыгуу учурунда. Ысык-Көл облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
ОСОАВИАХИМ ар бир аскердик адистик боюнча даярдаган. Анын ичинде атчандарды даярдоочу клубдар да бар эле.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
2/17
Атчандар клубунун аскерлери машыгуу учурунда. Ысык-Көл облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
ОСОАВИАХИМ ар бир аскердик адистик боюнча даярдаган. Анын ичинде атчандарды даярдоочу клубдар да бар эле.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / С. ХарченкоКыргызстан эмгекчилери СССР Элдик комиссариатынын төрагасынын орун басары Вячеслав Молотовдун Германия жана анын өнөктөштөрүнүн Советтер Союзуна кол салганы тууралуу радиодон кабарлаганын угуп жаткан маал. Фрунзе шаары. 1941-жыл 22-июнь. Сүрөттүн автору С.Харченко.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
3/17
Кыргызстан эмгекчилери СССР Элдик комиссариатынын төрагасынын орун басары Вячеслав Молотовдун Германия жана анын өнөктөштөрүнүн Советтер Союзуна кол салганы тууралуу радиодон кабарлаганын угуп жаткан маал. Фрунзе шаары. 1941-жыл 22-июнь. Сүрөттүн автору С.Харченко.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Л. ВильчинскийАлыскы колхоздордон аскерге милдеттүүлөр Токмок шаарындагы чогултуу пунктуна бара жаткан учур. 1942-жыл. Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский.
Кан майданга Кыргызстандын 300 миңден ашык уул-кызы аттанган. Алардын ичинен 100 миңге жакыны кайтпай калды.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
4/17
Алыскы колхоздордон аскерге милдеттүүлөр Токмок шаарындагы чогултуу пунктуна бара жаткан учур. 1942-жыл. Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский.
Кан майданга Кыргызстандын 300 миңден ашык уул-кызы аттанган. Алардын ичинен 100 миңге жакыны кайтпай калды.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументовФрунзе облусунун аскердик комиссарынын наамына Фарида Муратованын өз ыктыяры менен фронтко кетүү жөнүндө өтүнүчү. 1941-жыл 23-июнь.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Муратованын күйөөсү Константин Осецкий Кызыл армиянын катарында аскердик милдетин өтөп жаткан. Өз ыктыяры менен кетүү тууралуу өтүнүчтүн жарымын кыз-келиндер жазган. 19 жаштан баштап 30 жашка чейинки аскердик кызмат өтөөгө жарактуу кыз-келиндер аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Ал эми 45 жашка чейинки аялдар тылдагы стационардык мекемелерге жиберилген.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
5/17
Фрунзе облусунун аскердик комиссарынын наамына Фарида Муратованын өз ыктыяры менен фронтко кетүү жөнүндө өтүнүчү. 1941-жыл 23-июнь.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Муратованын күйөөсү Константин Осецкий Кызыл армиянын катарында аскердик милдетин өтөп жаткан. Өз ыктыяры менен кетүү тууралуу өтүнүчтүн жарымын кыз-келиндер жазган. 19 жаштан баштап 30 жашка чейинки аскердик кызмат өтөөгө жарактуу кыз-келиндер аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Ал эми 45 жашка чейинки аялдар тылдагы стационардык мекемелерге жиберилген.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Ш. ОмуралиевУлуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чек ара кызматынын ардагери, чекист Жаманкул Жээнчураев неберелерине башынан өткөн окуяларды айтып берип жаткан учур. Фрунзе шаары. 1980-жыл. Сүрөттүн автору Ш.Өмүралиев.
Душманга алгачкылардан болуп жердешибиз капитан Жаманкул Жээнчураев чек арачылары менен каршылык көрсөткөн. Ал Брест шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан Негорелое станциясындагы чек ара комендатурасынын коменданты эле. Аскерлери менен Москвага чейин чегинүүгө мажбур болгон.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
6/17
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чек ара кызматынын ардагери, чекист Жаманкул Жээнчураев неберелерине башынан өткөн окуяларды айтып берип жаткан учур. Фрунзе шаары. 1980-жыл. Сүрөттүн автору Ш.Өмүралиев.
Душманга алгачкылардан болуп жердешибиз капитан Жаманкул Жээнчураев чек арачылары менен каршылык көрсөткөн. Ал Брест шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан Негорелое станциясындагы чек ара комендатурасынын коменданты эле. Аскерлери менен Москвага чейин чегинүүгө мажбур болгон.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Б. БлюменКыргызстандыктар Кызыл армиянын жоокерлери үчүн жылуу кийимдерди чогултуп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору Б.Блюмен.
1941-жылы 3-июлда СССРдин жетекчиси Иосиф Сталин совет элине радио аркылуу кайрылган. Биринчиден, ал совет элине абал абдан оор экенин, экинчиден, Ата Мекенди коргош керектигин айткан. СССР элинен Кызыл армия менен флотту колдоп берүүсүн өтүнүп, "Жеңишти карай алдыга!" деп сөзүн аяктаган. Бул кайрылуудан кийин "Бардыгы фронт үчүн! Бардыгы Жеңиш үчүн!" деген ураан пайда болгон.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
7/17
Кыргызстандыктар Кызыл армиянын жоокерлери үчүн жылуу кийимдерди чогултуп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору Б.Блюмен.
1941-жылы 3-июлда СССРдин жетекчиси Иосиф Сталин совет элине радио аркылуу кайрылган. Биринчиден, ал совет элине абал абдан оор экенин, экинчиден, Ата Мекенди коргош керектигин айткан. СССР элинен Кызыл армия менен флотту колдоп берүүсүн өтүнүп, "Жеңишти карай алдыга!" деп сөзүн аяктаган. Бул кайрылуудан кийин "Бардыгы фронт үчүн! Бардыгы Жеңиш үчүн!" деген ураан пайда болгон.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Кирненко1941-жылы Киев шаарын коргогон ардагерлер. Фрунзе шаары. 1973-жыл. Сүрөттүн автору Кирненко.
11-июлдан баштап Украинанын борбору үчүн Кызыл армия менен вермахт айыгышып кармашты. Бирок 15-сентябрда советтик жоокерлердин каршылыгына карабастан фашисттик Германиянын армиясы советтик аскерлерди курчоого алган. 19-сентябрда Кызыл армиянын аскердик бөлүктөрү чыгыш Украинага чегинип, 26-сентябрда советтик командачылык Киевди коргоо стратегиялык операциясын токтотконго аргасыз болду. Кызыл армия 700 миңден ашык жоокерин жоготкон.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
8/17
1941-жылы Киев шаарын коргогон ардагерлер. Фрунзе шаары. 1973-жыл. Сүрөттүн автору Кирненко.
11-июлдан баштап Украинанын борбору үчүн Кызыл армия менен вермахт айыгышып кармашты. Бирок 15-сентябрда советтик жоокерлердин каршылыгына карабастан фашисттик Германиянын армиясы советтик аскерлерди курчоого алган. 19-сентябрда Кызыл армиянын аскердик бөлүктөрү чыгыш Украинага чегинип, 26-сентябрда советтик командачылык Киевди коргоо стратегиялык операциясын токтотконго аргасыз болду. Кызыл армия 700 миңден ашык жоокерин жоготкон.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. ФоменкоПишпек уездинин аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Кыргызстан. 1924-жыл. Карточканы түзгөн Е.Фоменко.
1941-жылы Рафа Иманалиева кыргыз кыздарынан биринчи болуп Москва шаарындагы медицина институтун ийгиликтүү аяктап, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда өз ыктыяры менен кан майданга аттанган. Ал жерден Иманалиева 800 операция жасаган. Аскердик медицина кызматынын капитаны Рафа Жеңишти Берлинден тоскон. 1941-жылдан баштап 1945-жылга чейин аскердик кызматка 490 235 аял чакырылган.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
9/17
Пишпек уездинин аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Кыргызстан. 1924-жыл. Карточканы түзгөн Е.Фоменко.
1941-жылы Рафа Иманалиева кыргыз кыздарынан биринчи болуп Москва шаарындагы медицина институтун ийгиликтүү аяктап, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда өз ыктыяры менен кан майданга аттанган. Ал жерден Иманалиева 800 операция жасаган. Аскердик медицина кызматынын капитаны Рафа Жеңишти Берлинден тоскон. 1941-жылдан баштап 1945-жылга чейин аскердик кызматка 490 235 аял чакырылган.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументовАлтынчы Түркстан аткычтар полкунун батальон командири Иван Панфилов үй-бүлөсү менен. 1928-жыл. Түркстан.
Буга чейин Иван Васильевич Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Улуу Октябрь революциясын чын дили менен кабыл алып, Кызыл армиянын катарына өткөн. Ал 25-аткычтар дивизиясынын даңазалуу командири Василий Чапаевдин кол астында ак гвардиячыларга каршы согушкан. 1924-жылдан баштап анын тагдыры советтик Түркстан менен байланышкан. 1938-жылы Кыргыз ССРинин аскердик комиссары болуп дайындалган.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
10/17
Алтынчы Түркстан аткычтар полкунун батальон командири Иван Панфилов үй-бүлөсү менен. 1928-жыл. Түркстан.
Буга чейин Иван Васильевич Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Улуу Октябрь революциясын чын дили менен кабыл алып, Кызыл армиянын катарына өткөн. Ал 25-аткычтар дивизиясынын даңазалуу командири Василий Чапаевдин кол астында ак гвардиячыларга каршы согушкан. 1924-жылдан баштап анын тагдыры советтик Түркстан менен байланышкан. 1938-жылы Кыргыз ССРинин аскердик комиссары болуп дайындалган.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументовСоветтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков (биринчи катарда сол жактан экинчи) туугандары жана айылдаштары менен.
1941-жылы июндан тартып августка чейин Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфилов 316-аткычтар дивизиясын түптөй баштаган. Анын катарында Шопоков да бар эле.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
11/17
Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков (биринчи катарда сол жактан экинчи) туугандары жана айылдаштары менен.
1941-жылы июндан тартып августка чейин Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфилов 316-аткычтар дивизиясын түптөй баштаган. Анын катарында Шопоков да бар эле.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / М. КоролевКемин районунун милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системасынын жоокерлери машыгып жаткан маал. Сүрөттүн автору М.Королев. 1941-жыл.
Улуу Ата Мекендик согуш башталып, бул система СССРдин мамлекеттик коргоо комитетинин буйругу менен 1941-жылдын 1-октябрда кайрадан жанданган.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
12/17
Кемин районунун милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системасынын жоокерлери машыгып жаткан маал. Сүрөттүн автору М.Королев. 1941-жыл.
Улуу Ата Мекендик согуш башталып, бул система СССРдин мамлекеттик коргоо комитетинин буйругу менен 1941-жылдын 1-октябрда кайрадан жанданган.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументовУлуу Ата Мекендик согуш учурунда Ош шаарынын тургуну теги уйгур Иманакун Ахметов он үч улуттун өкүлдөрүнөн 15 жетимди асыраган.
Фашисттик Германия басып алган аймактардан келген качкындар Кыргызстандан башпаанек табышкан. Алардын арасында жетим балдар көп эле. Ахметов сыяктуу эле көп кыргызстандык жетим балдарды асырап алышкан. Булар үчүн Кыргызстан экинчи Ата Мекен болуп калды.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
13/17
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ош шаарынын тургуну теги уйгур Иманакун Ахметов он үч улуттун өкүлдөрүнөн 15 жетимди асыраган.
Фашисттик Германия басып алган аймактардан келген качкындар Кыргызстандан башпаанек табышкан. Алардын арасында жетим балдар көп эле. Ахметов сыяктуу эле көп кыргызстандык жетим балдарды асырап алышкан. Булар үчүн Кыргызстан экинчи Ата Мекен болуп калды.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Присяжного55 жаштагы пенсионер, заводдун слесары А.В.Туманов. Фрунзе шаары. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Э.Присяжный.
Завод менен фабрикаларда фронтко кеткен жаштардын ордун пенсионерлер толуктаган.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
14/17
55 жаштагы пенсионер, заводдун слесары А.В.Туманов. Фрунзе шаары. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Э.Присяжный.
Завод менен фабрикаларда фронтко кеткен жаштардын ордун пенсионерлер толуктаган.
© Sputnik / Яков Халип / Медиабанкка өтүүТүндүк Батыш фронту. И.В.Панфилов атындагы 8-аткычтар дивизиясы.
Жоокерлер үчүн Кыргызстан менен Казакстандын артисттери концерт коюп жатышат. 1942-жыл.
Великая Отечественная война 1941-1945 гг/ - Sputnik Кыргызстан
15/17
Түндүк Батыш фронту. И.В.Панфилов атындагы 8-аткычтар дивизиясы.
Жоокерлер үчүн Кыргызстан менен Казакстандын артисттери концерт коюп жатышат. 1942-жыл.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Л. ВильчинскийКара-Балтадагы кант заводунун слесары, стахановчу М.Ф.Генрихевич кан майданга аттанган уулунун ордунда иштеп жатат. Фрунзе облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
1941-жылы октябрь айында аялдар жумушчулардын 45 пайызын түзгөн. Бул сүрөттөгү каарман сыяктуу ишканаларга кайрадан пенсионер аялдар келген. Жумуш күнү узарып, күнүнө 12 сааттан иштешкен.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
16/17
Кара-Балтадагы кант заводунун слесары, стахановчу М.Ф.Генрихевич кан майданга аттанган уулунун ордунда иштеп жатат. Фрунзе облусу. 1941-жыл. Сүрөттүн автору Л.Вильчинский.
1941-жылы октябрь айында аялдар жумушчулардын 45 пайызын түзгөн. Бул сүрөттөгү каарман сыяктуу ишканаларга кайрадан пенсионер аялдар келген. Жумуш күнү узарып, күнүнө 12 сааттан иштешкен.
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументовДыйкандар өгүз менен жерди айдап жаткан учур. Фрунзе облусу, Калинин району. 1942-жыл.
107, 108, жана 109-кыргыз атчандар дивизиясы куралган. Бул аскердик бөлүктөрдү аскер, ат, жабдык жана тамак-аш менен республиканын ички корунун негизинде камсыздашкан. Колхоз жана совхоздор тарабынан 1478 жылкы, 66 жүк ташуучу автоунаа, 222 араба жабдыгы менен, гүлазык, чөп жана акчалай жардамдар берилген
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
17/17
Дыйкандар өгүз менен жерди айдап жаткан учур. Фрунзе облусу, Калинин району. 1942-жыл.
107, 108, жана 109-кыргыз атчандар дивизиясы куралган. Бул аскердик бөлүктөрдү аскер, ат, жабдык жана тамак-аш менен республиканын ички корунун негизинде камсыздашкан. Колхоз жана совхоздор тарабынан 1478 жылкы, 66 жүк ташуучу автоунаа, 222 араба жабдыгы менен, гүлазык, чөп жана акчалай жардамдар берилген
Жаңылыктар түрмөгү
0