Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер

Жазылуу
"Кыргыз кереметинин" баштоочуларынын сап башында турган режиссер Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүүсү" совет маалында тартылган кыргыздардын мыкты кинофильмдеринин катарына кирет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы толук метраждуу эң алгачкы көркөм фильмдеги ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер, манас таануучу Мелис Убукеев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктап жатып дипломдук иши катары "Тайгак кечүүнү" тарткан. Ал эмгек кыргыз улутундагы режиссёр тарткан толук метраждуу тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.

Кинокартинанын сценарийи Убукеев менен Николай Рожков жазуучу Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде жазып, операторлук кызматты Кадыржан Кыдыралиев аркалаган.

Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси
Үркүн убагында Кытайга качып, кийин өз мекенине кайткан жаш жигиттин тагдыры жөнүндө баяндаган эмгек 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалда мыкты көркөм фильм аталып, анда образ жараткан Бакен Кыдыкеева "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" номинациясында дипломго арзыган.

Ал эми Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Калича Рысмендеева жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев роль жаратып катышкан.

Аталган фильмдин режиссеру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

© Sputnik / Александр ФедоровТоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер
Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер - Sputnik Кыргызстан
1/11
Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер
© Sputnik / Александр ФедоровМелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
Мелис Убукеевдин дипломдук иши — Тайгак кечүү киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем - Sputnik Кыргызстан
2/11
Мелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)
Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан) - Sputnik Кыргызстан
3/11
Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)
© Sputnik / Александр ФедоровЖаратылыш койнунда иштеген киночулар
Жаратылыш койнунда иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан
4/11
Жаратылыш койнунда иштеген киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровУулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева
Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева - Sputnik Кыргызстан
5/11
Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева
© Sputnik / Александр ФедоровТасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган
Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган - Sputnik Кыргызстан
6/11
Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровАктерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер
Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер - Sputnik Кыргызстан
7/11
Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер
© Sputnik / Александр ФедоровЧоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү
Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү - Sputnik Кыргызстан
8/11
Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү
© Sputnik / Александр ФедоровТасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган
Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан
9/11
Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган
© Фото / Александр Федоров"Тайгак кечүүдө" тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов
Тайгак кечүүдө тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов - Sputnik Кыргызстан
10/11
"Тайгак кечүүдө" тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет
Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет - Sputnik Кыргызстан
11/11
Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0