22:27 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Сүрөт

Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
456 0 0
  • Италиялык Франческо Визинтин Жыл фотографы наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
  • Жаныбардын портрети номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
  • Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү Жаратылыш жаштардын көзү менен номинациясында мыкты деген баага татыды
  • Секирик. Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы Жаныбардын кыймылы аттуу номинацияны жеңип алды
  • Жаратылыш балдардын көзү менен номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди
  • Эко-плакаттар категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан
  • Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү Адам жана жаратылыш номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти
  • Микродүйнө номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)
  • Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү Искусство жана табияттын образы номинациясында жеңүүчү болду
  • Россиянын коруктары номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган
  • Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар номинациясын утуп алды
  • Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын Бул менин издерим эмес деп аталган эмгеги Эко-плакаттар номинациясында мыктылардын бири болду
  • Россиялык Вячеслав Лузановдун Шаман багы Пейзаж номинациясында биринчиликке татыды
  • Жаратылыш койнундагы жаныбарлар номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан
  • Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү Өсүмдүктөрдүн магиясы номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды
Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган

"Алтын таш бака" эл аралык сынагынын калыстар тобу быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүн атады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ааламдын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.

Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.

Тема боюнча

Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу
Белгилер:
фотограф, сынак, Сүрөт, жаратылыш

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ