Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен салттуу кийим кийген эркектердин сүрөттөрүн сунуштайт. Анда кыргыздын чыныгы жашоосу, турмушу, салт-санаасы жана салттуу кийимдери көрсөтүлгөн.

Улуттук кийимдер: элечек, ак калпак, кеп такыя, шөкүлө, телпек, тебетей - Sputnik Кыргызстан
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Кыргыз элинде илгертеден кийимге байланыштуу бир катар эрежелер болгон. Мисалы, кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, айлантууга, баш алган жерге белекке берүүгө болбойт.

Анын ичинде эркек кишинин кийимине да ѳзгѳчѳ мамиле жасалган. Алсак, эркек адамдын кийиминен аттабайт, аны тебелебейт, ал тургай эркектин кийиминин үстүнө аял кишинин, кыз баланын кийими коюлбайт деген түшүнүк жашаган. Бул эркекке болгон сый-урматтын белгиси деп кабыл алынып, балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыздын баш кийимдеринин тарыхын билип, көз жоосун алган сүрөттөрдү сөзсүз көрүңүз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
1/15
Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековКозу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
2/15
Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
3/15
Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
© Sputnik / Табылды КадырбековБашына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
4/15
Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
5/15
Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
6/15
Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
© Sputnik / Табылды КадырбековИлгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
7/15
Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
8/15
Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековШар аккан суунун боюнда Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
9/15
Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
© Sputnik / Табылды КадырбековАңчылык, устачылык, зергерчилик кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
10/15
Аңчылык, устачылык, зергерчилик кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
© Sputnik / Табылды КадырбековПайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
11/15
Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАсман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
12/15
Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
13/15
Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
14/15
Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
© Sputnik / Табылды КадырбековКлиматы катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
15/15
Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0