07:32 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Сүрөт

Кеменин үстүндөгү той. "Кызыл алма" тасмасындагы эстен кеткис ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
319 0 0
  • Кызыл алманын режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар
  • Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин
  • Жети жаштагы Анараны кино чөйрөсүнө аралаштырган Океев менен Чокморов
  • СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова
  • Бульвардагы бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир
  • Белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева Океевдин эмгегинде ат минип роль аткарган
  • Кызыл алмадагы кичинекей Анара — азыр экономика илимдеринин доктору, профессор, ушу тапта Москвадагы Плеханов атындагы экономика университетинде иштейт
  • Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов
  • Кинофильмде Чокморов башкы каарман сүрөтчү Темирдин образын жараткан
  • Бактан кызыл алманы үзүүгө аракет кылган кичинекей Анара
  • Кеменин үстүндөгү той жана андагы элди башкарган Океев
  • Башкы ролдордогу Сүймөнкул Чокморов менен Гүлсара Ажыбекова
  • Борбор калаанын ичинен сулуусун издеген жаш жигит
© Sputnik / Александр Федоров
"Кызыл алманын" режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар

Кезинде кыргыз киночуларынын эмгектерин чет элдик көрүүчүлөр фестивалдарда чыдамсыздык менен күткөн. Азыркыга чейин Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев өңдүү режиссёрлордун кинофильмдери көпчүлүктүн эсинде.

Алардын айрым тасмаларындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" кинокартинасы жөнүндө кеп кылып, андагы мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев 1975-жылы башка советтик киночулар сыяктуу эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, аңгемесинин негизинде "Кызыл алма" тасмасын тарта баштаган.

Кинофильмдин сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазып, композитору украиналык Шандор Коллаш болгон.

Анда Океев жаштар менен иштешүүгө бел байлап, операторлук кызматты жаш Константин Орозалиевге, сүрөтчү кылып Жамбул Жумабаевди тандаган. Андан сырткары, жаңы эле Москвадан окуусун бүтүп келген Гүлсара Ажыбекованы башкы ролго чакырган.

Кинокартинада үй-бүлөнүн бир нече күндүк турмушу, адамдардын ортосундагы мамиле, сүйүү жөнүндө баяндалат.

Аталган тасманы жаратууга Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова катышкан.

Тасма 1975-жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан. Ондогон жылдар өткөндөн кийин, 2000-жылдардын башында, Океевдин ал тасмасы Францияда абройлуу сыйлыктарды багындырган.

Тема боюнча

Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр
Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери
Белгилер:
Сүрөт, "Кызыл алма" тасмасы, Төлөмүш Океев, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ