13:24 18 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Сүрөт

Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
347 0 0
  • Тасма тартуу үчүн түтүктөр менен жамгыр жаадырган киночулар
  • СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана жаш сценарист Төлөгөн Сыдыков
  • Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Ош облусу, 1972-жыл
  • СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов айылдык абышканын образында
  • Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
  • Солдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев.
  • Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулар иш маалында
  • Залкар актер Муратбек Рыскулов менен жаш оператор Марлес Туратбеков
  • Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу Көчө фильмине Туратбеков оператор болгон
  • Маликенин ролун ойногон Мамлакат Кылычева менен режиссер Геннадий Базаров
  • Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
  • Эс алып отурган актерлор
© Sputnik / Александр Федоров
Тасма тартуу үчүн түтүктөр менен жамгыр жаадырган киночулар

Союз маалында кыргызстандык киночулар жараткан фильмдер дүйнө кезип, эл аралык фестивалдарда бир топ сыйлыктарды багындырып, "кыргыз керемети" деп таанылган.

Ошол эмгектерди тартуу маалындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун "Көчө" кинотасмасы жөнүндө кеп кылып, мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1972-жылы жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде "Көчө" кинокартинасын тартууга киришип, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын таланттуу актёрлору катышкан. Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана башкалар образ жараткан.

Ал кинофильм Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушун, элеттиктердин кылык-жоругун чагылдырат.

"Көчөнү" жаратууда операторлук милдетти Марлес Туратбеков, экинчи режиссёр кызматын Төлөгөн Сыдыков аткарган. Базаровдун эмгегинин көпчүлүк бөлүгү Ош облусунда тартылып, чыгармачыл процесс үч-төрт айга созулган.

Тема боюнча

Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр
Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери
Тоо-ташта, талаа-түздө иштеген оператор. Марлес Туратбеков 87 жашка толмок
Белгилер:
Сүрөт, "Көчө" тасмасы, Геннадий Базаров, режиссер, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ