Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жамал Сейдакматованын туулган күнү. Өмүрүн кыргыз киносу менен театрына арнаган актриса 81 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эл артистинин туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөгү ирмемдерин топтоду.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болуп абдан эрке өскөн. Кичинекейинен эле ыр-бийге шыктуу болуп, ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган.

Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү

Бирок жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип кеткен. Ал эми студент кыздын жакындары менен ата-энеси аны чоң окумуштуу болот деп күтүшкөн.

Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталып, 60-70-жылдары театрда лирикалык, комедиялык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары таанылган.

Сейдакматова: карылыктын өзүнүн жакшы жактары бар экен. Видео маек

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты атайын кесиптик билими жок эле Кыргыз драма театрында 32 жылдай иштеп, кино жаатында эмгектенип, тасма талаасын да багындырган. Ал "Акбаранын көз жашында" Көктурсундун, "Алыскы тоолордо" Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында Алтынайдын, "Караш-Карашта" Хадижанын, "Уланда" Фатиманын, "Курманжан даткада" Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти жалпы 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан.

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Жамал Сейдакматова 1990-жылы борбор калаада "Тунгуч" жеке театрын негиздеген. Жеке жашоосунда актриса таланттуу артист Болот Шалтаевге турмушка чыгып, уулу жети жашка чыкканда жолдошу оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушу Садырбек Назаров менен болуп, учурда актрисанын алты небереси бар.

Кыргыз элинин таланттуу актрисасы жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

© Sputnik / Александр ФедоровЖамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган - Sputnik Кыргызстан
1/13
Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин Улан тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/13
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн - Sputnik Кыргызстан
3/13
Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
© Фото / Александр ФедоровБелгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев Акбаранын көз жашы тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/13
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
© Фото / Александр ФедоровКыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан - Sputnik Кыргызстан
5/13
Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
© Sputnik / Александр ФедоровЖайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/13
Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
© Фото / Шалтаев МуратБелгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл
Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/13
Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл
© Sputnik / Александр Федоров"Аманат" тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
Аманат тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/13
"Аманат" тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровЗамандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен - Sputnik Кыргызстан
9/13
Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы "Манас" орденин тапшырган учуру
Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы Манас орденин тапшырган учуру - Sputnik Кыргызстан
10/13
"Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы "Манас" орденин тапшырган учуру
© Sputnik / Александр ФедоровЧырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/13
Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен - Sputnik Кыргызстан
12/13
Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл артисти өзү түзгөн "Тунгуч" театрынын жамааты менен
КРдин эл артисти өзү түзгөн Тунгуч театрынын жамааты менен - Sputnik Кыргызстан
13/13
КРдин эл артисти өзү түзгөн "Тунгуч" театрынын жамааты менен
Жаңылыктар түрмөгү
0