12:08 26 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Сүрөт

Коңгуроо кагылды! Бишкекте 1-класска барган бөбөктөрдүн сүрөттөрү

Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2245)
303 0 0
  • Окуу жылы башталды. Мектеп босогосун алгачкы ирет аттаган 1-класстын мотурайган балдары
  • Өлкө боюнча мектепке бүгүн 1-класстын балдары гана барышты. Калгандары окууну аралыктан улантышат
  • Гүл кармаган балдар. Бул алардын жашоосундагы маанилүү, эстен кеткис көз ирмемдердин бири
  • Класстарда балдар шахмат түрүндө, аралыкты сактап отуруп окушат
  • Танапис сайын бөлмө желдетилип, класстар тез-тезден дезинфекцияланып турары айтылды
  • Адаттагыдай быйыл салтанаттуу линейка болгон жок. Бөбөктөргө Менин сүйүктүү Кыргызстаным темасында сабак өтүлдү
  • Күн сайын ар бир бөбөктүн дене табы мектепке кирер алдында текшерилип турмакчы
  • Кызынын мектеп босогосун аттаганына жетине албаган эне. Мындай учурду кантип сүрөткө тартпай коет?
  • Ата-энелер үчүн бир чети жагымдуу, бир жагынан түмөн түйшүктүү жашоо башталды
  • Классында окуучу көп балдар эки тайпага бөлүнүп окуйт
  • 1 А класстын кичинекей бөбөктөрү. Класс жетекчисин ээрчип мектепке кирип жатышат
  • Эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл мектептерде жылдагыдай шаң жок
  • Жеткинчектер үчүн мектептин алгачкы коңгуроосу кагылып, окуу деген жашоо башталды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуу жылы башталды. Мектеп босогосун алгачкы ирет аттаган 1-класстын мотурайган балдары

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекте мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучуларынын бактылуу көз ирмемдеринин түрмөгүн тартуулайт.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл салттуу режимде 1-класстын балдары гана окумай болушту.

Окуучулардын коопсуздугун карап, текшерип туруу үчүн мугалимдерге атайын сабак, вебинарлар уюштурулуп, даярдалды. Мектепке барган сайын 1-класстын бөбөктөрүнүн дене табы текшерилет. Ошондой эле класстар танапис сайын желдетилип, дезинфекцияланып турат.

Быйыл өзгөчө! Бишкекте 1-класска барган бөбөктөрдүн видеосу

Айрым сабактар ачык асман алдында өтө турганы маалым болду. Балдар аралыкты сактап, ортолору 1,5-2 метр алыстыкта отурушат. Ошондой эле окуучусу көп класстардын бир сабагы 20 мүнөттөн гана боло турганы айтылган.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2245)

Тема боюнча

COVID: Россияда эң күчтүү иммунитет 13 жашка чейинки балдардан аныкталды
Белгилер:
мугалим, Сүрөт, сабак, 1-класс, окуучу, бала, мектеп

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ