03:19 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Сүрөт

Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери

Кыскача шилтеме алуу
18796 0 0
  • Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган.
  • 20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
  • Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
  • Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
  • Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
  • Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
  • Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген
  • Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
  • Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеде билим алган.
  • Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшүшкөн.
  • 2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов
  • Азыркы жары Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар эле.
  • Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
  • Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
  • Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
  • Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Жакында эле туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздешти.
© Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.

Бүгүн, 13-июнда, алп акын Элмирбек Иманалиевдин кыркы өткөрүлүп жатат. Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

Залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

 

Тема боюнча

Залкар акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылды
Булбул жана торгой. Ээрчишип кеткен эгиз акын Элмирбек менен Зайырбек
Белгилер:
үй-бүлө, чыгармачылык, Сүрөт, акын, Элмирбек Иманалиев, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ