17:29 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Сүрөт

Россия күнү Бишкекте белгиленген учурдан 10 ирмем

Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (44)
193 0 0
  • Бишкекте Россия күнүнө карата онлайн-концерт болду
  • Концертти өткөрүүгө ал тургай эпидемия тоскоол боло алган жок
  • Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ачты
  • Комуздун коштоосундагы орус тилиндеги ырлар жаңырды
  • Артисттер бири-бири менен интернет аркылуу байланышты
  • Көрсө, мындай концертти онлайн деле өткөрсө болот тура!
  • Көрүүчүлөр кызыктуу номерлерге телеканалдар жана социалдык тармактан байкоо салып турушту
  • Подмосковные вечера ырын комуздун коштоосунда аткарышты
  • Бул концертти Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арнашты
  • Эриш-аркак жылдын алкагында дагы бир топ концерт, иш-чаралар өтмөкчү.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте Россия күнүнө карата онлайн-концерт болду

Бишкекте Россия күнүнө арналган концерт болду. Ал Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлдү. Санитардык эрежени бузбаш үчүн концерт онлайн түрүндө көрүүчүлөргө тартууланды.

Артисттер бири-бири менен интернет аркылуу байланышса, көрүүчүлөр да аралыкта болду. Тагыраагы, телеканалдар жана социалдык тармактан байкоо салып турушту.

Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ачты.

Анда 20га чукул артисттер, КР жана РФтин беш ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулады. Номерлердин көбү элди кайдыгер калтырган жок. Маселен, "Подмосковные вечера" чыгармасы комуздун коштоосунда аткарылды.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараны өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Алардын бир катары бүгүнкү сымал онлайн-форматта өтүүдө.

Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (44)

Тема боюнча

Буурчактаган көз жаш, эрдин тиштеген Путин. Толгонайдын Кремлдеги монологу. Видео
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, онлайн, концерт, комуз

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ