Кош, Бопуш... Марат Жантелиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн кыргыз эли кино жана театр чеберлеринин бири Марат Жантелиевди акыркы сапарга узатты. Sputnik Кыргызстан актердун сүрөттөрдө калган ирмемдерин сунуштайт.

Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында туулган. Анын ата-энеси медицина тармагында эмгектенип, атасы айылдагы күчтүү дарыгерлердин бири болгон. Болочоктогу актер элеттеги орто мектепти аяктагандан кийин эле үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна (ВГИК) тапшырып өтүп кетип, ал ЖОЖду артыкчылык менен бүтүргөн.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн киного арнаган Геннадий Базаров 78 жашка толду. Сүрөттөгү ирмемдери
Кинодо белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасында тушоосу кесилген. Жантелиев анда Саяк аттуу оорулуу баланын образын жараткан. Андан соң бир катар тасмаларга катышып жылдызы жана баштаган.

Өзүн театрда сынап көрүү максатында Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына 1992-жылы кирип, 20 жылдан ашык иштеген.

КРдин эмгек сиңирген артисти өзүнүн эмгек жолунда театр менен кинону бирге алып жүргөн. Сахнада Бопуш деген ылакап ат менен таанылса, тасмада селсаяк (бомж), Каке, Саякбай болуп бир топ тасманын көркүн ачкан.

Жантелиев 2020-жылдын февраль айынан бери дарыланып жүргөн. Ага жабышкан дарт актердун өмүрүн 9-июнда алып тынып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

© Sputnik / Александр ФедоровМарат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган
Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган - Sputnik Кыргызстан
1/12
Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш актердун Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине тартылып жаткан учуру
Жаш актердун Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине тартылып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
2/12
Жаш актердун Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине тартылып жаткан учуру
© Sputnik / Александр ФедоровМарат Жантелиев кесиптештери жана улуу муундун өкүлдөрү менен, 1984-жыл
Марат Жантелиев кесиптештери жана улуу муундун өкүлдөрү менен, 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/12
Марат Жантелиев кесиптештери жана улуу муундун өкүлдөрү менен, 1984-жыл
© Фото / Заир ИсаковКРдин эмгек сиңирген артисти "Саякбай" тасмасында алп манасчы Каралаевдин образын жараткан
КРдин эмгек сиңирген артисти Саякбай тасмасында алп манасчы Каралаевдин образын жараткан  - Sputnik Кыргызстан
4/12
КРдин эмгек сиңирген артисти "Саякбай" тасмасында алп манасчы Каралаевдин образын жараткан
© Sputnik / Александр ФедоровАктер 22 жашында режиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда оорулуу бала – Саяктын ролун ийине жеткире ойногон
Актер 22 жашында режиссер Төлөмүш Океевдин Ак илбирстин тукуму киносунда оорулуу бала – Саяктын ролун ийине жеткире ойногон - Sputnik Кыргызстан
5/12
Актер 22 жашында режиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда оорулуу бала – Саяктын ролун ийине жеткире ойногон
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш актер Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова менен
Жаш актер Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова менен - Sputnik Кыргызстан
6/12
Жаш актер Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова менен
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик сыйлык тапшыруу учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөт
Мамлекеттик сыйлык тапшыруу учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөт - Sputnik Кыргызстан
7/12
Мамлекеттик сыйлык тапшыруу учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөт
© Sputnik / Александр ФедоровБолочоктогу белгилүү актер ак илбирс менен алышкан Саяктын образында
Болочоктогу белгилүү актер ак илбирс менен алышкан Саяктын образында - Sputnik Кыргызстан
8/12
Болочоктогу белгилүү актер ак илбирс менен алышкан Саяктын образында
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде актер сахналаштары менен. Оң жагында ырчы Айбек Карымов, сол жагында актер Насретдин Дубашев
Мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде актер сахналаштары менен. Оң жагында ырчы Айбек Карымов, сол жагында актер Насретдин Дубашев - Sputnik Кыргызстан
9/12
Мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде актер сахналаштары менен. Оң жагында ырчы Айбек Карымов, сол жагында актер Насретдин Дубашев
© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.КыдыкеевойАктер борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген
Актер борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
10/12
Актер борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген
© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.КыдыкеевойКалың журтка Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев
Калың журтка Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев  - Sputnik Кыргызстан
11/12
Калың журтка Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев
© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.КыдыкеевойКРдин эмгек сиңирген артисти оорудан улам 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышты
КРдин эмгек сиңирген артисти оорудан улам 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышты - Sputnik Кыргызстан
12/12
КРдин эмгек сиңирген артисти оорудан улам 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0