20:47 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Сүрөт

Эч нерсе унутулбайт! Постсоветтик мейкиндикте белгиленген Улуу Жеңиш. Сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
195 0 0
  • Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен митинг-реквием өттү
  • Абхазиядагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Гудаутта абхаз жана россиялык аскер кызматкерлеринен куттуктоолорду кабыл алып жатат
  • Азербайжандын президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен Советтер Союзунун эки жолку баатыры Ази Аслановдун мүрзөсүнө барышты
  • Армениянын президенти Армен Саркисян Еревандагы Жеңиш паркында Өчпөс отко гүлчамбар койду
  • Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери Гродно шаарында (Белоруссия) согушта курман болгондордун элесине арнап гүлчамбар коюшту
  • Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын Тбилисидеги Ваке паркында эскерди
  • Латвияда Өлбөс полк акциясынын уюштуруучусу Маргарита Драгиле Бошотуучулар эстелигине блокадачы чоң энесинин сүрөтү менен келди
  • Карантинге карабастан Литвада борбор калаанын тургундары курман болгон советтик жоокерлердин элесине арналган мемориалдарга келип, гүл коюп кетишти
  • Молдовада Шерпенский пладцарм мемориалдык комплексинде 1944-жылы өлкөнү баскынчылардан бошотууда курман болгон Кызыл Армиянын 45 жоокеринин сөөгү кайра коюлду. Иш-чарага Молдованын президенти Михаил Додон катышты.
  • Россия президенти Владимир Путин Жеңиш күнүндө Александровский бакчасындагы Белгисиз жоокердин бейитинин жанындагы Баатыр шаарлардын аллеясына гүлчамбар койду.
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө парламентинин жогорку палатасынын төрагасы жана Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали менен борбор калаадагы Жеңиш бакчасына орнотулган эстеликке гүл коюшту
  • Өзбекстанда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш паркынын амфитеатрында куттуктады
  • Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Түштүк Осетияда Өчпөс отко Даңк гирляндасын коюшту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен митинг-реквием өттү

9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Коронавирус пандемиясынан улам массалык иш-чаралардын токтотулганына карабастан маараке чоң салтанат менен белгиленди.

Жаркын келечек үчүн Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө аба ырайы да, коронавирус пандемиясы да жолтоо болгон жок. Жүздөгөн монумент менен стелалар таң атпай гүлчамбарга оронду. Мамлекет башчылары менен карапайым эл ардагерлерге жасаган эрдиги, каармандыгы үчүн алкыш айтып жатышты.

Улуу Жеңиш майрамы постсоветтик мейкиндикте кандай белгиленгенин Sputnik агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн көрсөңүз болот.

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)

Тема боюнча

Бишкекте Улуу Жеңишке арналган майрамдык салют атылды. Видео
Белгилер:
президент, ардагер, Улуу Ата Мекендик согуш, СССР

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ