Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер

Жазылуу
Бүгүн кыргыз-казак элине аттын кашкасындай таанылып, калың элдин өз баласына айланган улуу акын Элмирбек Иманалиевдин коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Биз андан сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Акындардын төрөсүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер, кесиптештери, туугандары жана башкалар катышты.

Акын, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйдүргөн, күлдүргөн, күттүргөн Элмирбек. Үзөңгүлөштөрүнүн эскерүүсү
Төкмө акын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

© Sputnik / Табылды КадырбековТөкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду - Sputnik Кыргызстан
1/12
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду
© Sputnik / Табылды КадырбековМаркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өттү
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өттү - Sputnik Кыргызстан
2/12
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековКоронавирус эпидемиясы болбогондо зыйнатына миңдеген адам келери айкын эле. Калдайган эли ага топурак сала албады...
Коронавирус эпидемиясы болбогондо зыйнатына миңдеген адам келери айкын эле. Калдайган эли ага топурак сала албады... - Sputnik Кыргызстан
3/12
Коронавирус эпидемиясы болбогондо зыйнатына миңдеген адам келери айкын эле. Калдайган эли ага топурак сала албады...
© Sputnik / Табылды КадырбековТууган-туушкандары кан жутуп, сыздап кала берди... Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды
Тууган-туушкандары кан жутуп, сыздап кала берди... Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды - Sputnik Кыргызстан
4/12
Тууган-туушкандары кан жутуп, сыздап кала берди... Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
5/12
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековКоштошуу тажыясына Жеңишбек Жумакадыр баштаган бир топ төкмөлөр келди. Алардын жан кейиткен кошоктору интернетке тарап жатат
Коштошуу тажыясына Жеңишбек Жумакадыр баштаган бир топ төкмөлөр келди. Алардын жан кейиткен кошоктору интернетке тарап жатат - Sputnik Кыргызстан
6/12
Коштошуу тажыясына Жеңишбек Жумакадыр баштаган бир топ төкмөлөр келди. Алардын жан кейиткен кошоктору интернетке тарап жатат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт" демекчи, Элмирбек Иманалиевдин да төкмөлүгү, акындыгы, обончулугу жана бир топ таланты элдин эсинде түбөлүк сакталары талашсыз
Өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт демекчи, Элмирбек Иманалиевдин да төкмөлүгү, акындыгы, обончулугу жана бир топ таланты элдин эсинде түбөлүк сакталары талашсыз - Sputnik Кыргызстан
7/12
"Өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт" демекчи, Элмирбек Иманалиевдин да төкмөлүгү, акындыгы, обончулугу жана бир топ таланты элдин эсинде түбөлүк сакталары талашсыз
© Sputnik / Табылды КадырбековЗыйнатына келген Садык Шер-Нияз: "Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду", - деди
Зыйнатына келген Садык Шер-Нияз Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду деди - Sputnik Кыргызстан
8/12
Зыйнатына келген Садык Шер-Нияз: "Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду", - деди
© Sputnik / Табылды КадырбековАлп акындын дүйнөдөн өтүшү көп кишинин кабыргасын кайыштырып турганы билинип, сезилип турду
Алп акындын дүйнөдөн өтүшү көп кишинин кабыргасын кайыштырып турганы билинип, сезилип турду - Sputnik Кыргызстан
9/12
Алп акындын дүйнөдөн өтүшү көп кишинин кабыргасын кайыштырып турганы билинип, сезилип турду
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл уулун акыркы сапарга узатууга кыйбай ичи ачышып турду. Элмирбекке алакан жайып, куран окуп каларын көпчүлүктүн үч уктаса да түшүнө кирген эместир.
Эл уулун акыркы сапарга узатууга кыйбай ичи ачышып турду. Элмирбекке алакан жайып, куран окуп каларын көпчүлүктүн үч уктаса да түшүнө кирген эместир. - Sputnik Кыргызстан
10/12
Эл уулун акыркы сапарга узатууга кыйбай ичи ачышып турду. Элмирбекке алакан жайып, куран окуп каларын көпчүлүктүн үч уктаса да түшүнө кирген эместир.
© Sputnik / Табылды КадырбековИшенип-ишенбеген оор мүнөттөр... Акындын сөөгү унаага салынып жаткан учур
Ишенип-ишенбеген оор мүнөттөр... Акындын сөөгү унаага салынып жаткан учур - Sputnik Кыргызстан
11/12
Ишенип-ишенбеген оор мүнөттөр... Акындын сөөгү унаага салынып жаткан учур
© Sputnik / Табылды КадырбековИманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.
Иманалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0