02:56 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.7971
  • EUR96.0257
  • RUB1.0497
Сүрөт

Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
Акын Элмирбек Иманалиевдин каза болушу (11)
1962 0 0
  • Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду
  • Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өттү
  • Коронавирус эпидемиясы болбогондо зыйнатына миңдеген адам келери айкын эле. Калдайган эли ага топурак сала албады...
  • Тууган-туушкандары кан жутуп, сыздап кала берди... Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды
  • Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.
  • Коштошуу тажыясына Жеңишбек Жумакадыр баштаган бир топ төкмөлөр келди. Алардын жан кейиткен кошоктору интернетке тарап жатат
  • Өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт демекчи, Элмирбек Иманалиевдин да төкмөлүгү, акындыгы, обончулугу жана бир топ таланты элдин эсинде түбөлүк сакталары талашсыз
  • Зыйнатына келген Садык Шер-Нияз Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду деди
  • Алп акындын дүйнөдөн өтүшү көп кишинин кабыргасын кайыштырып турганы билинип, сезилип турду
  • Эл уулун акыркы сапарга узатууга кыйбай ичи ачышып турду. Элмирбекке алакан жайып, куран окуп каларын көпчүлүктүн үч уктаса да түшүнө кирген эместир.
  • Ишенип-ишенбеген оор мүнөттөр... Акындын сөөгү унаага салынып жаткан учур
  • Иманалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети дарты менен алышып жүрүп, 20-апрель күнү ооруканада көз жумду

Бүгүн кыргыз-казак элине аттын кашкасындай таанылып, калың элдин өз баласына айланган улуу акын Элмирбек Иманалиевдин коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Биз андан сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Акындардын төрөсүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер, кесиптештери, туугандары жана башкалар катышты.

Акын, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев. Архив
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Төкмө акын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

Тема:
Акын Элмирбек Иманалиевдин каза болушу (11)

Тема боюнча

Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Улуу өнөрдүн көчүн татыктуу улады. Элмирбек Иманалиевге жазылган некролог
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди
Белгилер:
Сүрөт, коштошуу, акын, Элмирбек Иманалиев

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ