02:25 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Сүрөт

Биздин ата-энелер кантип билим алган. Совет доорунда тартылган 18 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
44110
  • Советтик Кыргызстанда окуучулар ракеталардын макеттерин гана жасап тим болбой, инженериянын негиздерин окушкан. 1983-жыл
  • Совет доорунда педогог эң кадырлуу кесиптердин бири эле. Сүрөттө Сокулук районунун Жал айылындагы орто мектептин мугалими окуучулардын курчоосунда. 1978-жыл
  • Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдарда билим берүүгө өзгөчө көңул бурулган. Ленин айылындагы мектеп, 1962-жыл.
  • Советтик билим берүү системасында окуучунун келечектеги кесибин тандоого жардам берүүгө басым жасалган
  • Кыргыз эл акыны Муса Жангазиев окуучулар менен
  • Советтер Союзу окуучуларды патриоттук духта кичинесинен тарбиялоону туура көргөн
  • Окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган музейде. 1981-жыл
  • 1926-жылы СССР элинин 50 гана пайызы сабаттуу болсо, 1955-жылы жашы жеткен жарандардын 100 пайызынын кат-сабаты жоюлган. Кемин районундагы мектеп, 1976-жыл.
  • Ал учурда мектептен тышкары билим берүү дагы чоң мааниге ээ болчу. Окуучулар агрономдордун жетишкендиктери менен таанышууда. 1960-жыл
  • Советтер Союзу учурунда сабактан тышкары акысыз ийримдер көп болчу. 1971-жыл
  • Мектепке бара жаткан окуучулар. Жалал-Абад, 1967-жыл
  • Бала бакчанын тарбиялануучулары
  • Электр приборунун түзүлүшүн карап жаткан окуучу кыздар
  • Окуучуларды эмгекке үндөп, нандын баа-баркын түшүндүрүп жаткан мугалим
  • Мектептеги математика сабагы
  • Советтер Союзунун экзамендик системасы дүйнөдөгү эң мыкты система болуп эсептелген
  • Кечки мектептин окуучулары ботаника сабагында. Согуш жылдарынан кийин айыл чарбасын калыбына келтирүүгө көп эмгек жумшалган.
  • Мугалим менен окуучулар Кыргызстан пионери гезитин окуп жатат
© Sputnik / Александр Федоров.
Советтик Кыргызстанда окуучулар ракеталардын макеттерин гана жасап тим болбой, инженериянын негиздерин окушкан. 1983-жыл

Коронавирустун жайылышынан улам киргизилген карантин мектеп окуучуларын дистанттык формада окууга аргасыз кылды. Ал эми Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Советтик Кыргызстандагы окуучулардын жашоосу кандай болгонун көрө аласыздар.

8-апрелден тарта Кыргызстанда мектеп окуучуларын дистанттык формада окутуу баштады. Ошондон бери көптөгөн ата-энелер социалдык тармактагы баракчаларына теленин же компьютердин алдында отурган балдарынын сүрөттөрүн жүктөп, ар кандай пикирлерин жазып келишет.

Белгилей кетсек, окуучуларды дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигинин атайын номерлерине чалып, адистер менен сүйлөшө алат. Номерлер: 0550-512-075; 0550-801-026; 0550-368-784; 0550-513-385; 0557-442-355.

Баса, дистанттык окуу маалында сабактар канча мүнөткө созуларын, баа берүү, үй тапшырма аткаруунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.

 

Тема боюнча

Бүгүн дистанттык окуу башталды. Балага иш ордун кантип даярдап берүү керек
Белгилер:
Сүрөт, окуучу, мектеп, СССР, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ