04:55 28 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Сүрөт

Апрель айында карга оронгон Бишкек. Ажайып 12 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
398 0 0
  •  9-апрель күнү Бишкекке кар жаады
  • Аба ырайы божомолу менен таанышып турган адамдарды бүгүнкү кар таң калтырган жок
  • Кыргызгидромет республиканын бир катар аймактарында жаан-чачын жаай турганын эскерткен болчу
  • Өзгөчө абал режими менен аба ырайына карабастан көчөдөн адамдарды көрүүгө болот
  • А. Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театры
  • Коммуналдык кызматтын өкүлдөрүнө кар тазалоого туура келди
  • Карга байланыштуу тротуарлар менен жолдорго бутактар, кээ бир жерлерге бактар дагы кулады
  • Бак алдына унаасын токтотпогон айдоочулардын жолу болду
  • Шаардыктарга кышкы кийимди алып чыгууга туура келди
  • Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги
  • Суук аба ырайына карабастан кайгуул милициясы ишин улантып жатат
  • Бул сүрөт апрелде тартылганына ишенбей да кетесиң
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
9-апрель күнү Бишкекке кар жаады

Бүгүн эртең менен бишкектиктердин көбү таң калды окшойт. Апрель айында шаарды кар басып калды. Өзгөчө абал учурунда үйдөн чыга албай отургандар үчүн биздин фотограф ак карга оронгон борбор калааны сүрөткө тартып келди.

Бишкекте акыркы күндөрү жамгыр жаап жатат. Буга чейин Кыргызгидромет кар түшүшү мүмкүн экенин эскерткен. Синоптиктердин маалыматына караганда, республикада үшүк жүрөт.

Анткен менен борбор калаада кар көпкө кармалбайт окшойт. Себеби эртең, 10-апрелде, күн ачылып, бүрсүгүнү 19 градус жылуу болору айтылды.

Тема боюнча

Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү
Белгилер:
кар, жамгыр, аба ырайы, Бишкек, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ