Жүрөк үшүн алган COVID-19. Санитардык посттордон тартылган 12 сүрөт

Жазылуу
Бүгүн, 24-марттан тарта, Бишкекти тегерете 12 санитардык-карантиндик пост коюлду. Ал жерде автоинспекторлор, милиционерлер, ӨКМ кызматкерлери жана медиктер калаага кирген автоунааларды токтотуп, ичиндеги адамдарды тепловизор менен текшерип жатат.

Эгер дене табы 37 градустан жогору болсо, ошол жерден каттоого алып бейтапканага жөнөтөт. Ошондой эле алар зарылчылыгы жок болсо шаарга келбей, үйдө болуу керектигин, көчөдө бет кап тагынып жүрүү зарылдыгын эскертүүдө. Аймактарга каттаган коомдук транспорт токтотулгандыктан, эл ташыган маршруткаларды өткөрбөй жатышат.

Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы санитардык-карантиндик посттордон тартылган кадрларды сунуштайт.

Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишиндеги постко барганда ар бир жаран тыкыр текшерилип жатканына күбө болдук. Жарым сааттын ичинде эки адамдын дене табы көтөрүлгөнү аныкталып, бейтапканага жөнөтүлдү.

Сокулук тараптан келе жатканда Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги постто жалгыз тепловизор менен иштеген дарыгер жетишпей жатканы байкалды. Айрым автоунааларды карабай эле өткөрүп жатышты.

Эртең, 25-марттан тарта, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилет. Коменданттык саат коюлуп, кечинде көчөгө чыгууга тыюу салынат.

7-Апрель көчөсүнө дагы санитардык пост коюлган, бирок ал жерде тепловизор иштебей жатканын айтышты. Ал эми Курманжан датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги постко медик келе электиги белгилүү болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековШейшембиден тарта Бишкекти тегерете 12 санитардык-карантиндик пост коюлду
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
1/12
Шейшембиден тарта Бишкекти тегерете 12 санитардык-карантиндик пост коюлду
© Sputnik / Табылды КадырбековЭгер адамдардын дене табы 37 градустан жогору болсо бейтапканага жөнөтүлөт
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
2/12
Эгер адамдардын дене табы 37 градустан жогору болсо бейтапканага жөнөтүлөт
© Sputnik / Табылды КадырбековПостто турган автоинспекторлор, милиционерлер, ӨКМ кызматкерлери жана медиктер калаага кирген автоунааларды токтотууда.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
3/12
Постто турган автоинспекторлор, милиционерлер, ӨКМ кызматкерлери жана медиктер калаага кирген автоунааларды токтотууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул посттор күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп турат
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
4/12
Бул посттор күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп турат
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга 21-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
5/12
Кыргызстанга 21-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир жарандын тепловизор менен бирден текшерип өткөнгө чейин артында узун кезек пайда болууда
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
6/12
Ар бир жарандын тепловизор менен бирден текшерип өткөнгө чейин артында узун кезек пайда болууда
© Sputnik / Табылды КадырбековДен соолугун тобокелге салып иштеген дарыгерлер элге үмүт берип жатат
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
7/12
Ден соолугун тобокелге салып иштеген дарыгерлер элге үмүт берип жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаада бара жаткан ар бир адамдын бет кап кийүүсүн эскертип жатышты
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
8/12
Автоунаада бара жаткан ар бир адамдын бет кап кийүүсүн эскертип жатышты
© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкерлери дене табы көтөрүлгөн кишилердин аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин жазып калып, бейтапканага жөнөтүп жатат.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
9/12
ӨКМ кызматкерлери дене табы көтөрүлгөн кишилердин аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин жазып калып, бейтапканага жөнөтүп жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭртеңден тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилет.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
10/12
Эртеңден тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилет.
© Sputnik / Табылды КадырбековАзыркы тапта Кыргызстанда 42 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
11/12
Азыркы тапта Кыргызстанда 42 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.
© Sputnik / Табылды КадырбековCOVID-19 инфекциясы 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
12/12
COVID-19 инфекциясы 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0