50 жашында 14 жашар Кычандын ролун аткарып... Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү кино жана сахна чебери, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү. Бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсан 1917-жылы жарык дүйнөгө келген.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар актрисанын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири эмгек жолун мектепте мугалимдиктен баштап, 16 жашында актёрдук билими жок эле театр сахнасына чыккан. Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, 100дөн ашык түрдүү образ жараткан. Эң кызыгы, элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповдун ролун аткарып, көпчүлүктү таң калтырган.

СССРдин эл артисти 38 жыл тубаса талант ээси, залкар актёр Муратбек Рыскулов менен өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн.

Кыргыз элинин легендарлуу актрисасы Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

© Sputnik / Александр ФедоровАктриса 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, 100дөн ашык түрдүү образды жараткан.
Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
1/13
Актриса 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, 100дөн ашык түрдүү образды жараткан.
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл
Подготовка к съемкам фильма Ак кеме - Sputnik Кыргызстан
2/13
Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровКР Эл баатыры биринчи жолу 40 жашында "Муз жүрөк жөнүндө баян" тасмасына тартылат
Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
3/13
КР Эл баатыры биринчи жолу 40 жашында "Муз жүрөк жөнүндө баян" тасмасына тартылат
© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүЖаш кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл облусу, 1972-жыл
Кинорежиссер Болот Шамшиев и актриса Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
4/13
Жаш кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл облусу, 1972-жыл
© Фото / Александр ФедоровКүмүшалиева "Уркуя", "Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана "Кызыл алма" өңдүү көптөгөн тасмаларга тартылган
Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
5/13
Күмүшалиева "Уркуя", "Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана "Кызыл алма" өңдүү көптөгөн тасмаларга тартылган
© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссёр Аман Камчыбеков. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми, 1984-жыл
Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
6/13
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссёр Аман Камчыбеков. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми, 1984-жыл
© Фото / из семейного архива АбдубачаевыхАтактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев жана алардын замандаштарынын сүрөтү 1980-жылдары тартылган
Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова - Sputnik Кыргызстан
7/13
Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев жана алардын замандаштарынын сүрөтү 1980-жылдары тартылган
© Фото / Александр ФедоровЗалкар актриса менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу "Ак кеме" тасмасынан көрүнүш
Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
8/13
Залкар актриса менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу "Ак кеме" тасмасынан көрүнүш
© Фото / Александр ФедоровКыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон
Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева бала-чакасы менен. - Sputnik Кыргызстан
9/13
Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон
© Фото / Александр ФедоровТоктоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
10/13
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
© Sputnik / Александр Федоров"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру, Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
11/13
"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру, Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
© Sputnik / Александр Федоров"Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасынан бир көрүнүш, 1988-жыл
Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
12/13
"Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасынан бир көрүнүш, 1988-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне жер титирөө маалында
Народная артистка Киргизской ССР, Герой КР Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
13/13
Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне жер титирөө маалында
Жаңылыктар түрмөгү
0